БӨРҮ ЖАТЫШ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БӨРҮ ЖАТЫШ ''' – тери | '''БӨРҮ ЖАТЫШ ''' – тери жана былжыр челдин күдүрөйүп кычышма аллергия оорусу. Дененин аллергия реакциясынан (к. ''Аллергия''), айрым тамак-аш (жумуртка, бүлдүркөн, кожогат, шоколад, бал, балык), дары (антибиотиктер, сульфаниламиддер) жакпаганда жана сууктан да болот. Өнөкөт Бөрү жатыш ички органдардын (боор, карын, ичеги, бөйрөк) ооруларына, зат алмашуунун бузулушуна, ичте мите курттардын болушуна же солгун өтүп жаткан өнөкөт сезгенүү ооруларына (тонзиллит, ''гайморит, отит'' ж. б.) да байланыштуу. Ал капысынан башталат. Кол, бут, бетке ар түрдүү көлөмдө ачык мала кызыл, кээде ак түстө ортосу томпогой бүдүрлөр чыгат. Аябай кычышып, дүүлүктүрөт. Көп учурда бүдүрлөр бир нече сааттан кийин эле эч так калтырбай жок болуп кетет. Оорулуунун эти ысыйт, алы кетет. Кээде Бөрү жатыш катуу кармап, жумшак таӊдайдын, кулкундун, бронхтордун, ички органдардын былжыр чели шишип кетип, аба жетпей муунтат. Мындай учурда токтоосуз врач чакыруу керек. Бөрү жатышты врачтын көрсөтмөсү боюнча дарылайт. Мүнөздөп тамак ичип, аллергия пайда кылуучу тамак-аш, сүрсүгөн, туздалган тамакты жегенге болбойт. Катуу кармаган Бөрү жатышта денеден аллергенди (тамак же дарыны) тез чыгаруу, суюктукту көп берүү керек. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
05:39, 21 Май (Бугу) 2024 -деги абалы
БӨРҮ ЖАТЫШ – тери жана былжыр челдин күдүрөйүп кычышма аллергия оорусу. Дененин аллергия реакциясынан (к. Аллергия), айрым тамак-аш (жумуртка, бүлдүркөн, кожогат, шоколад, бал, балык), дары (антибиотиктер, сульфаниламиддер) жакпаганда жана сууктан да болот. Өнөкөт Бөрү жатыш ички органдардын (боор, карын, ичеги, бөйрөк) ооруларына, зат алмашуунун бузулушуна, ичте мите курттардын болушуна же солгун өтүп жаткан өнөкөт сезгенүү ооруларына (тонзиллит, гайморит, отит ж. б.) да байланыштуу. Ал капысынан башталат. Кол, бут, бетке ар түрдүү көлөмдө ачык мала кызыл, кээде ак түстө ортосу томпогой бүдүрлөр чыгат. Аябай кычышып, дүүлүктүрөт. Көп учурда бүдүрлөр бир нече сааттан кийин эле эч так калтырбай жок болуп кетет. Оорулуунун эти ысыйт, алы кетет. Кээде Бөрү жатыш катуу кармап, жумшак таӊдайдын, кулкундун, бронхтордун, ички органдардын былжыр чели шишип кетип, аба жетпей муунтат. Мындай учурда токтоосуз врач чакыруу керек. Бөрү жатышты врачтын көрсөтмөсү боюнча дарылайт. Мүнөздөп тамак ичип, аллергия пайда кылуучу тамак-аш, сүрсүгөн, туздалган тамакты жегенге болбойт. Катуу кармаган Бөрү жатышта денеден аллергенди (тамак же дарыны) тез чыгаруу, суюктукту көп берүү керек.