БРАЙЛЬ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БРАЙЛЬ – көзү азиз адамдар жазууга ж-а окууга ылайыкташтырылган одуракай, чекиттүү шрифт. Франц. тифло-педагог, көрүүсү бузулган балдарды окутуп-тарбиялоочу адис Луи Брайль тарабынан иштелип чыккан. Мында тамгалар 6 томпок чекиттин комбинацияларынан түзүлөт. Сандарды тыныш белгилерди, матем., хим. ж-а ноталык белгилерди айырмалоо үчүн чекиттер кошумчаланган комбинациялар түзүлөт. Азыр бүткүл дүйнөдө кеӊири колдонулат. Ал шрифт м-н жазылган туӊгуч китеп 1837-ж. Францияда, кийин 1885-ж. Россияда басылып чыккан.