БРАХМАПУТРА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БРАХМАПУТРА, Б р а м а п у т р а – Кытай, Индия, Бангладештеги дарыя. Уз. 2900 км, алабынын аянты 935 миӊ км2 (Ганг ж-а Мегхна д. кошулганга чейин 506 миӊ км2). Гималайдын түн. капталынан башталып, Тибет тайпак тоосунун түш. бөлүгү аркылуу чыгышты карай агып (бул жерде Мацанг, Цангпо деп аталат), Диханг капчыгайында Гималайды жырып өтүп, батыш ж-а түш.-батышка карай Бенгал түздүгү (чоӊ имерилишти пайда кылат) м-н агат. Бенгал булуӊуна куярда Ганг ж-а Мегхна д. м-н бирге жалпы дельтаны (аянты 80 миӊ км2) түзөт. Негизинен муссон жаандарынан, кардын эрүүсүнөн ж-а Гималайдын мөӊгү-суусунан куралат. Орт. чыгымы 12 миӊ м3/секга жакын, жайында деӊгээли 10–12 мге чейин көтөрүлөт. Бенгал түздүгүнүн көп бөлүгү ж-а дельтасы ташкындан жапа чегет. Суу ташкынында сактануу үчүн уз. 350 кмден ашкан дренаж каналдары, негизги дарыянын ж-а анын куймаларынын нуктарында жалпы уз. 3000 кмден ашкан жал тосмолору курулууда. Б. ж-а анын көп куймасы сугатка пайдаланылат. Чатынан Диханг капчыгайына (1290 кмге) чейин, Тибет тайпак тоосундагы айрым бөлүктөрүндө кеме жүрөт. Боюнда Шигадзе (Кытай), Дибругарх, Диспур, Ганхати (Индия), дельтасында – Дакка ж. б. ири шаарлар, алабында жер шарындагы эӊ жаанчыл жер – Черапунжи (анда жылында 12 миӊ мм, максимуму 1856-ж. 22,9 миӊ мм жаан-чачын жааган), Лхаса д-нын боюнда Лхаса ш. жайгашкан.