БРЕТОНДУКТАР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''БРЕТОНДУКТАР ''' – Франциянын түн.-батышындагы Бретань обл-нда жашаган эл. Франциянын башка провинцияларында (Париждин чет жакасында ж-а Луара обл.), о. эле Аргентина, Канада, АКШда да жашашат. Калкынын жалпы
'''БРЕТОНДУКТАР ''' – Франциянын түндүк-батышындагы Бретань облусунда жашаган эл. Франциянын башка провинцияларында (Париждин чет жакасында жана Луара облусу), ошондой эле Аргентина, Канада, АКШда да жашашат. Калкынын жалпы<br/>
<br/>
[[File:БРЕТОНДУКТАР61.png | thumb | none]]
[[File:БРЕТОНДУКТАР61.png | thumb | none]]
саны 6–8 млн (2014), а. и. Францияда 6–7 млн, Бретанда 3 млн. Бретон тилинде, көбүнчө француз тилинде сүйлөшөт. Негизинен католик динин тутушат. Алардын ата-бабалары – Бретань ж. а-нда жашаган байыркы кельт уруулары. Б-дын этностук негизин Британ а-нан (англсакстардан) 5–7-к-да жер ооп келген бриттердин кельт уруусу м-н аралашкан жерг. кельттердин тукумдары түзгөн. Б. мал чарбачылык, балыкчылык, бакчачылык м-н кесиптенишип, дубалдары граниттен ж-а сланецтен тургузулган, узун ж-а жапыз салынган, чатыры камыш же шифер м-н жабылган бир кабаттуу үйлөрдө жашашкан. Аялдар башына чепец (кээде жоолук) кийип, корсаж, кенен белдемчи, алжапкыч тагынышкан, чачын ж-а жакасын жиптен тор сымал токулган жасалгалар м-н кооздошкон. Эркектер кемсел, желет, көйнөк, кенен шым, башына баркыт тасма м-н кооздолгон, жазы кырбулуу шляпа кийишет. Тамак-ашы – эт, дан, картошка, деӊиз азыктары (балык, устрица ж. б.). Суусундук катары алмадан жасалган шарап ичишет.
саны 6–8 млн (2014), анын ичинен Францияда 6–7 млн, Бретанда 3 млн. Бретон тилинде, көбүнчө француз тилинде сүйлөшөт. Негизинен католик динин тутушат. Алардын ата-бабалары – Бретань жарым аралында жашаган байыркы кельт уруулары. Бретондуктардын этностук негизин Британ аралынан (англсакстардан) 5–7-кылымдарда жер ооп келген бриттердин кельт уруусу менен аралашкан жергиликтүү кельттердин тукумдары түзгөн. Бретондуктар мал чарбачылык, балыкчылык, бакчачылык менен кесиптенишип, дубалдары граниттен жана сланецтен тургузулган, узун жана жапыз салынган, чатыры камыш же шифер менен жабылган бир кабаттуу үйлөрдө жашашкан. Аялдар башына чепец (кээде жоолук) кийип, корсаж, кенен белдемчи, алжапкыч тагынышкан, чачын жана жакасын жиптен тор сымал токулган жасалгалар менен кооздошкон. Эркектер кемсел, желет, көйнөк, кенен шым, башына баркыт тасма менен кооздолгон, жазы кырбулуу шляпа кийишет. Тамак-ашы – эт, дан, картошка, деӊиз азыктары (балык, устрица ж. б.). Суусундук катары алмадан жасалган шарап ичишет.<br/>''Ш. Керимова.''
<br/>''Ш. Керимова.''
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

04:52, 7 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы

БРЕТОНДУКТАР – Франциянын түндүк-батышындагы Бретань облусунда жашаган эл. Франциянын башка провинцияларында (Париждин чет жакасында жана Луара облусу), ошондой эле Аргентина, Канада, АКШда да жашашат. Калкынын жалпы

саны 6–8 млн (2014), анын ичинен Францияда 6–7 млн, Бретанда 3 млн. Бретон тилинде, көбүнчө француз тилинде сүйлөшөт. Негизинен католик динин тутушат. Алардын ата-бабалары – Бретань жарым аралында жашаган байыркы кельт уруулары. Бретондуктардын этностук негизин Британ аралынан (англсакстардан) 5–7-кылымдарда жер ооп келген бриттердин кельт уруусу менен аралашкан жергиликтүү кельттердин тукумдары түзгөн. Бретондуктар мал чарбачылык, балыкчылык, бакчачылык менен кесиптенишип, дубалдары граниттен жана сланецтен тургузулган, узун жана жапыз салынган, чатыры камыш же шифер менен жабылган бир кабаттуу үйлөрдө жашашкан. Аялдар башына чепец (кээде жоолук) кийип, корсаж, кенен белдемчи, алжапкыч тагынышкан, чачын жана жакасын жиптен тор сымал токулган жасалгалар менен кооздошкон. Эркектер кемсел, желет, көйнөк, кенен шым, башына баркыт тасма менен кооздолгон, жазы кырбулуу шляпа кийишет. Тамак-ашы – эт, дан, картошка, деӊиз азыктары (балык, устрица ж. б.). Суусундук катары алмадан жасалган шарап ичишет.
Ш. Керимова.