БРИАНШОН ТЕОРЕМАСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
1 сап: 1 сап:
'''БРИАНШО́Н ТЕОРЕМАСЫ ''' – проекциялык геометрия теоремасы; ал 2-тартиптеги ийри сызыктын сыртына сызылган ар кандай 6 бурчтуктун карама-каршы чокуларын туташтыруучу түз сызыктар бир чекитте (Брианшон чекитинде) кесилишерин аныктайт. Теореманы 1806-ж. фр. математик Ш. Ж. Брианшон (1785–1864) далилдеген (аты ошондон). Б. т. м-н Паскаль теоремасы (проекция геометриясындагы) кош принципти колдонуу аркылуу бири экинчисинен алынат. Б. т. бир жактуу сызгычты гана пайдаланып, проекциялык ж-а элементардык геометриянын констр-лык (түзүүгө берилген) маселелерин чыгарууга мүмкүндүк берет.
'''БРИАНШО́Н ТЕОРЕМАСЫ ''' – проекциялык геометрия теоремасы; ал 2-тартиптеги ийри сызыктын сыртына сызылган ар кандай 6 бурчтуктун карама-каршы чокуларын туташтыруучу түз сызыктар бир чекитте (Брианшон чекитинде) кесилишерин аныктайт. Теореманы 1806-жылы франциялык математик Ш. Ж. Брианшон (1785–1864) далилдеген (аты ошондон). Брианшон теоремасы менен Паскаль теоремасы (проекция геометриясындагы) кош принципти колдонуу аркылуу бири экинчисинен алынат. Брианшон теоремасы бир жактуу сызгычты гана пайдаланып, проекциялык жана элементардык геометриянын конструкциялык (түзүүгө берилген) маселелерин чыгарууга мүмкүндүк берет.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

05:05, 7 Май (Бугу) 2024 -деги абалы

БРИАНШО́Н ТЕОРЕМАСЫ – проекциялык геометрия теоремасы; ал 2-тартиптеги ийри сызыктын сыртына сызылган ар кандай 6 бурчтуктун карама-каршы чокуларын туташтыруучу түз сызыктар бир чекитте (Брианшон чекитинде) кесилишерин аныктайт. Теореманы 1806-жылы франциялык математик Ш. Ж. Брианшон (1785–1864) далилдеген (аты ошондон). Брианшон теоремасы менен Паскаль теоремасы (проекция геометриясындагы) кош принципти колдонуу аркылуу бири экинчисинен алынат. Брианшон теоремасы бир жактуу сызгычты гана пайдаланып, проекциялык жана элементардык геометриянын конструкциялык (түзүүгө берилген) маселелерин чыгарууга мүмкүндүк берет.