БРОЙЛЕР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БРО́ЙЛЕР (англ. Broiler, broil – отко кактоо дегенден) – эттүү тоок. Жөжөсүнүн тирүүлөй салм. 60–65 күндө 1,4–1,6 кгга жетет. Сойгондо 62–64% накта эт чыгат. Төш эти бардык этинин 32–35%ын түзөт. Даамы ж-а мүнөз тамактык сапаты б-ча жөжөсүнүн эти чоӊдорунукунан жогору турат – эти жумшак, майы аз. Нью-гемпшир, плимутрок, корниш, москва ж. б. породаларды аргындаштыруудан жакшы аргын Б. жөжөлөрү алынган. Суткалык жөжөлөр кенен, жылуу, электр жарыгы бар, жакшы желдетилүүчү тоокканада багылат. Жөжөлөргө калориялуу, протеини жетиштүү атайын аралаш тоют берилет. 60–65 күндөн кийин союу цехине жөнөтүлөт. Б. өстүрүү бир катар өлкөлөрдө (АКШ, Англия, ГДР, Чехословакия ж. б.) жакшы өнүккөн.