БРОНХ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БРОНХ (гр. brjnсhos – кекиртек) – адам ж-а татаал түзүлүштүү омурткалуулардын дем алуу түтүгүнүн бутакчасы. Ал аркылуу өпкөгө аба келет ж-а өпкөдөн кайра чыгат. Кекиртек (трахея) көкүрөк көӊдөйүнө келгенде оӊ ж-а сол биринчилик Б-ко бөлүнүп, оӊ ж-а сол өпкөгө кирет. Андан ары дагы майда бутактарга – экинчилик Б-торго бөлүнүп, Б. дарагы (тарамдары) пайда болот. Эӊ майдалары бронхиолалар деп аталат. Алардын учунда альвеолалардан түзүлгөн өпкөнүн дем алдыргыч тканы жайгашкан. Ал кемирчек шакекчелерден ж-а жылма булчуӊдан турат. Майда Б-тун булчуӊдары бронх астмасында рефлекстүү жыйрылат. Алардын ички бети ыргалма эпителий былжыр чели м-н капталган. Бул эпителий клеткаларындагы түкчөлөр дем алуу жолдоруна түшкөн бөтөн нерселерди кыймылы м-н кайра чыгарат.

(бронхтун үстүндөгү өпкө тканы алынып ташталган)
1 – кекиртек; 2 – бронхтор.