БИОМЕХАНИКА (биологиянын бөлүмү): нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БИОМЕХАНИКА (''' ''био...'' ж-а ''механика)'' – биологиянын (физиология, биофизика) жаныбарлардын орган, ткань | '''БИОМЕХАНИКА (''' ''био...'' ж-а ''механика)'' – биологиянын (физиология, биофизика) жаныбарлардын орган, ткань жана бүтүндөй организминин механикалык касиеттерин, ошондой эле аларда болуучу механикалык процесстерди изилдөөчү бөлүмү. Биомеханика механиканын негизги принциптерин бардык тирүү оргаизмдерде пайдаланышы менен мүнөздөлөт. Биомеханика боюнча изилдөөлөр ''Леонардо да Винчи''нин заманында эле башталган. Биомеханика боюнча алгачкы иштер колдонмо мүнөздө болгон. Бир клеткалуу организмдердин механикалык кубулуштарына, барыдан мурда клетка ичиндеги цитоплазма жана органеллалардын бөлүштүрүлүшү, клетканын бөлүнүшү, алардын кирпикчелер жана шапалакчаларынын жардамы менен мейкиндикте жылып жүрүшү кирет. Өсүмдүктүн өсүүсү, сырткы таасирлерге туруктуулугу, сабак, жалбырак жана тамырында заттардын өтүшү, гүлүнүн Күн абалына же курт-кумурскачыл өсүмдүктөрдүн курт-кумурскаларга болгон реакциясы, чөйрөнүн ар кандай факторлоруна (жарык, жерге тартылуу, хим. заттар ж.б.) өсүмдүк органдарынын өсүү багыты (ийилүү) – тропизмдер, настиялар, нутациялар ж.б. изилденет. Кыймыл Биомеханикасы анатомия жана теориялык механиканын маалыматтарына негизделген, кыймыл органдарынын структурасын; дем алуу аппаратынын Биомеханикасы органдын серпилгич, серпилгич эмес каршылыгы, дем алуу кыймылынын динамикасы ж. б.; кан айлануу Биомеханикасы кан тамырлар жана жүрөктүн серпилгичтигин, кан агымына кан тамырдагы гидравликалык каршылыкты, кан тамыр капталына толкундун таралышын, кандын кыймылы, жүрөк иши ж.б. изилдейт. Таяныч-кыймыл аппаратынын Биомеханикасы булчуңдардын касиети, сөөктөр, муундар, байламталар ж.б-дын бышыктыгын аныктайт. Биомеханика боюнча иштер ар кандай илимдерде: эмгек ж-а спорт физиологиясы, аскер жана клиникалык медицина, анын ичинен неврология, ортопедия, травматология, протездөөдө кызыгуу жаратат. Биомеханика маалыматтары техниканын ар кандай областарында пайдаланылуучу автомат-манипулятор жана роботторду жасоодо колдонулат. Дем алуу жана кан айлануу Биомеханикасынын изилдөөлөрү «жүрөк-өпкө» аппаратын түзүүнүн негизи болгон. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
09:40, 17 Апрель (Чын куран) 2024 -деги абалы
БИОМЕХАНИКА ( био... ж-а механика) – биологиянын (физиология, биофизика) жаныбарлардын орган, ткань жана бүтүндөй организминин механикалык касиеттерин, ошондой эле аларда болуучу механикалык процесстерди изилдөөчү бөлүмү. Биомеханика механиканын негизги принциптерин бардык тирүү оргаизмдерде пайдаланышы менен мүнөздөлөт. Биомеханика боюнча изилдөөлөр Леонардо да Винчинин заманында эле башталган. Биомеханика боюнча алгачкы иштер колдонмо мүнөздө болгон. Бир клеткалуу организмдердин механикалык кубулуштарына, барыдан мурда клетка ичиндеги цитоплазма жана органеллалардын бөлүштүрүлүшү, клетканын бөлүнүшү, алардын кирпикчелер жана шапалакчаларынын жардамы менен мейкиндикте жылып жүрүшү кирет. Өсүмдүктүн өсүүсү, сырткы таасирлерге туруктуулугу, сабак, жалбырак жана тамырында заттардын өтүшү, гүлүнүн Күн абалына же курт-кумурскачыл өсүмдүктөрдүн курт-кумурскаларга болгон реакциясы, чөйрөнүн ар кандай факторлоруна (жарык, жерге тартылуу, хим. заттар ж.б.) өсүмдүк органдарынын өсүү багыты (ийилүү) – тропизмдер, настиялар, нутациялар ж.б. изилденет. Кыймыл Биомеханикасы анатомия жана теориялык механиканын маалыматтарына негизделген, кыймыл органдарынын структурасын; дем алуу аппаратынын Биомеханикасы органдын серпилгич, серпилгич эмес каршылыгы, дем алуу кыймылынын динамикасы ж. б.; кан айлануу Биомеханикасы кан тамырлар жана жүрөктүн серпилгичтигин, кан агымына кан тамырдагы гидравликалык каршылыкты, кан тамыр капталына толкундун таралышын, кандын кыймылы, жүрөк иши ж.б. изилдейт. Таяныч-кыймыл аппаратынын Биомеханикасы булчуңдардын касиети, сөөктөр, муундар, байламталар ж.б-дын бышыктыгын аныктайт. Биомеханика боюнча иштер ар кандай илимдерде: эмгек ж-а спорт физиологиясы, аскер жана клиникалык медицина, анын ичинен неврология, ортопедия, травматология, протездөөдө кызыгуу жаратат. Биомеханика маалыматтары техниканын ар кандай областарында пайдаланылуучу автомат-манипулятор жана роботторду жасоодо колдонулат. Дем алуу жана кан айлануу Биомеханикасынын изилдөөлөрү «жүрөк-өпкө» аппаратын түзүүнүн негизи болгон.