БИОСТРАТИГРАФИЯ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
11:52, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БИОСТРАТИГРА́ФИЯ (био... ж-а стратиграфия) – стратиграфиянын бир тармагы; чөйрөнүн өзгөрүшүнө жараша организимдин эвол. жол м-н өнүгүшү. Ар кайсы жердеги окшош катмарлардын өз ара байланыштарын ж-а салыштырмалуу жаштарын аныктоодо чөкмө тоо тектердеги организмдердин ташка айланган калдыктарынын таралышын изилдейт. Мында чөкмө тектердин арасында кездешүүчү организмдердин ташка айланган калдыктарына карап, ошол катмардын салыштырмалуу жашы аныкталат. Стратиграфиялык шкаласы түзүлөт. Анткени организмдердин өсүп-өнүгүшү, түрлөрүнүн өзгөрүшү чөйрөгө байланыштуу. Ошол себептен организмдердин ташка айланган калдыктарын ж-а алардын жер бетинде таралышын изилдеп, чөкмө тектердин пайда болуу мезгилин аныктоого болот. Катмарларды өз алдынча биозоналарга бөлүүдө, аябаган зор аянтты ээлеп, өтө көп тараган ж-а кыска мөөнөттүн ичинде толук өлүп жок болгон организмдердин, планктондордун, споралардын калдыктары зор мааниге ээ. Терминди биринчи жолу бельгиялык палеонтолог Долло киргизген.