БИОСФЕРА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
11:52, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БИОСФЕ́РА (био… ж-а сфера) – атм., гидросфера ж-а литосферанын активдүү тиричилик өтүүчү бөлүгү. Б-да тирүү организмдер м-н алардын жашоо чөйрөсү орг. байланышта болуп, бүтүндөй системаны түзөт. «Б.» терминин австралиялык геолог Э. Зюсс киргизген. Б. ж-дөгү толук түшүнүктү орус геохимиги В. И. Вернадский иштеп чыккан. Ал б-ча Жер планетасындагы тирүү организмдердин тиричилик аракетинин натыйжасында пайда болгон ж-а өзүн-өзү теӊсалмактуулукта сактап туруучу мейкиндик системасы, б. а. жандуу ж-а жансыз заттардын бири-бири м-н болгон аракеттеринин натыйжасында пайда болгон биостук система.