БИОСФЕРАЛЫК РЕЗЕРВАТ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
11:52, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БИОСФЕРАЛЫК РЕЗЕРВА́Т – табияттын адамзатынын колу тие элек бөлүктөрүн калыбында сактап калуу, о. эле өзгөрүүгө дуушарланган бөлүктөрүн калыбына келтирүү максатында уюшулган аймак; чарбалык терс таасирди чектеп, закон аркылуу коргоолуучу экон.-экол. регион. Ал табигый ж-а маданий ландшафттан туруп, анда тиричилик кылгандар алдын-ала иштелип чыккан табиятты коргоо ж-а бузулган аймакты калыбына келтирүү планы б-ча иш жүргүзөт. Алгачкы Б. р-тар 1970-ж. табиятты коргоо, ил.- из. иштерди жүргүзүү үчүн ЮНЕСКОнун эл аралык «Адам жана Биосфера» программасынын чегинде түзүлө баштаган. Бүгүнкү күндө Б.р. ж-дө түшүнүк Севильяда (1995) болуп өткөн ЮНЕСКОнун эл аралык конференциясында калыптанган. Б. р. үч негизги бөлүктөн – ядролук (биотүрдүүлүк жакшы каралган ж-а табигый зонасы баштапкы абалда сакталган), буфердик (өтмө) ж-а өнүгүү (узак мөөнөткө чөйрөнү туура пайдалануу) зоналарынан турат. Анын негизги функциялары: коргоо (экосистемалардын ж-а ландшафттардын генетикалык ресурстарын сактоо), колдонуу (экон. ж-а социалдык өнүгүүнү туура жолго коюп, узак мөөнөттө кармап туруу) ж-а материалдык базалык (демонстрациялык долбоорлорду колдоо; айлана-чөйрөнү коргоо б-ча адистерди даярдоо; чөйрөнү коргоо б-ча жерг., улуттук ж-а глобалдык проблемаларды изилдөө ж-а аларга көзөмөл жүргүзүү). Кырг-ндагы Ысык-Көл биосфералык резерваты 2001-ж. уюшулган.
Т. Асыкулов.