БИОТҮРДҮҮЛҮК КОНВЕНЦИЯСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
1 сап: 1 сап:
'''БИОТҮРДҮҮЛҮК КОНВЕНЦИЯСЫ ''' – глобалдык деӊгээлде каралган эл аралык экол. макулдашуулардын бири. 1992-ж. 5-июнда Рио-де-Жанейро ш-нда (Бразилия) кабыл алынып, күчүнө 1993-ж. 29-декабрда кирген. Конвенциянын негизги максаты – планетадагы биотүрдүүлүктү, б. а. Экосистеманын ар түрдүүлүгүн ж-а компоненттерин сактоо, ресурстардан алган пайданы калыс ж-а теӊ укукта бөлүштүрүү, технологияны туура колдонуу, каржылоо. Конвенция биотүрдүүлүк компонентеринин бардыгына («Юрисдикция сферасы» статьясы б-ча) улуттук юрисдикция чегинде (конвенцияга катышкан өлкөлөргө) таралат. Б. к. б-ча катышуучу тарап биотүрдүүлүктү туруктуу колдонуу ж-а сактоо б-ча өзүнө тиешелїї улуттук стратегиясын, планын ж-а программаларын сектордук, сектор аралык деӊгээлде иштеп чыгышы зарыл. Конвенциянын кээ бир жоболорунда табигый ж-а жасалма шарттарда биотүрдүүлүктү сактоо чаралары, о. эле конвенция чегинде мамлекет аралык кызматташуулар каралган. Ар бир тарап конвенциянын максатына жетиш үчүн жүргүзүлгөн иш-чараларга кеткен каражатты улуттук деӊгээлде мойнуна алышы талап кылынат. Бирок, өнүгүп келе жаткан мамлекеттерге конвенция б-ча жоопкерчиликти аткарыш үчүн жаӊы ж-а кошумча каражат булактары (өнүккөн мамлекеттер ж. б. аркылуу) каралган.  
'''БИОТҮРДҮҮЛҮК КОНВЕНЦИЯСЫ ''' – глобалдык деӊгээлде каралган эл аралык экологиялык макулдашуулардын бири. 1992-жылы 5-июнда Рио-де-Жанейро шаарында (Бразилия) кабыл алынып, күчүнө 1993-жылы 29-декабрда кирген. Конвенциянын негизги максаты – планетадагы биотүрдүүлүктү, башкача айтканда экосистеманын ар түрдүүлүгүн жана компоненттерин сактоо, ресурстардан алган пайданы калыс жана теӊ укукта бөлүштүрүү, технологияны туура колдонуу, каржылоо. Конвенция биотүрдүүлүк компонентеринин бардыгына («Юрисдикция сферасы» статьясы боюнча) улуттук юрисдикция чегинде (конвенцияга катышкан өлкөлөргө) таралат. Биотүрдүүлүк конвенциясы боюнча катышуучу тарап биотүрдүүлүктү туруктуу колдонуу жана сактоо боюнча өзүнө тиешелүү улуттук стратегиясын, планын жана программаларын сектордук, сектор аралык деӊгээлде иштеп чыгышы зарыл. Конвенциянын кээ бир жоболорунда табигый жана жасалма шарттарда биотүрдүүлүктү сактоо чаралары, ошондой эле конвенция чегинде мамлекет аралык кызматташуулар каралган. Ар бир тарап конвенциянын максатына жетиш үчүн жүргүзүлгөн иш-чараларга кеткен каражатты улуттук деӊгээлде мойнуна алышы талап кылынат. Бирок, өнүгүп келе жаткан мамлекеттерге конвенция боюнча жоопкерчиликти аткарыш үчүн жаӊы жана кошумча каражат булактары (өнүккөн мамлекеттер ж. б. аркылуу) каралган. <br/>''Б. Үсөнканов.''
<br/>''Б. Үсөнканов.''
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

03:18, 18 Апрель (Чын куран) 2024 -деги абалы

БИОТҮРДҮҮЛҮК КОНВЕНЦИЯСЫ – глобалдык деӊгээлде каралган эл аралык экологиялык макулдашуулардын бири. 1992-жылы 5-июнда Рио-де-Жанейро шаарында (Бразилия) кабыл алынып, күчүнө 1993-жылы 29-декабрда кирген. Конвенциянын негизги максаты – планетадагы биотүрдүүлүктү, башкача айтканда экосистеманын ар түрдүүлүгүн жана компоненттерин сактоо, ресурстардан алган пайданы калыс жана теӊ укукта бөлүштүрүү, технологияны туура колдонуу, каржылоо. Конвенция биотүрдүүлүк компонентеринин бардыгына («Юрисдикция сферасы» статьясы боюнча) улуттук юрисдикция чегинде (конвенцияга катышкан өлкөлөргө) таралат. Биотүрдүүлүк конвенциясы боюнча катышуучу тарап биотүрдүүлүктү туруктуу колдонуу жана сактоо боюнча өзүнө тиешелүү улуттук стратегиясын, планын жана программаларын сектордук, сектор аралык деӊгээлде иштеп чыгышы зарыл. Конвенциянын кээ бир жоболорунда табигый жана жасалма шарттарда биотүрдүүлүктү сактоо чаралары, ошондой эле конвенция чегинде мамлекет аралык кызматташуулар каралган. Ар бир тарап конвенциянын максатына жетиш үчүн жүргүзүлгөн иш-чараларга кеткен каражатты улуттук деӊгээлде мойнуна алышы талап кылынат. Бирок, өнүгүп келе жаткан мамлекеттерге конвенция боюнча жоопкерчиликти аткарыш үчүн жаӊы жана кошумча каражат булактары (өнүккөн мамлекеттер ж. б. аркылуу) каралган.
Б. Үсөнканов.