БИОХИМИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
1 сап: 1 сап:
'''БИОХИ́МИЯ, ''' б и о л о г и я л ы к х и м и я – организмдин курамына кирген заттардын хим. түзүлүшүн, алардын тиричилигиндеги зат алмашууну изилдөөчү илим. Изилдөө объектисине жараша адамдын жаныбар, өсүмдүк ж-а микроорганизмдер Б-сы болуп бөлүнөт. Бардык организмдер Б-лык жагынан бирдей болгону м-н өсүмдүк ж-а жаныбарлардын зат алмашуусунда айырмачылык бар. Б. өзүнчө илим катары 19–20-к-дарда пайда болгон. Анын калыптанышы орг. химия, физиология ж-а медицина илимд. жетишкендиктери м-н тыгыз байланыштуу. 19-к-дын башында өсүмдүк м-н жаныбар клеткаларынын хим. курамын изилдөө жүргүзүлгөн. 1928-ж. Ф. Велер мочевинаны синтездеген. 19-к-дын 2-чи жарымында амин к-таларынын, углеводдордун, майлардын түзүлүшү аныкталган. Изилдөөлөрдүн натыйжасында ар түрдүү организмдердин зат алмашуусунун бирдиги аныкталган. 20-к-дын башында тамак-аштын жетишпегендигинен түрдүү оорулардын пайда болушу, витамин ж-а гормондор, алардын организмдеги ролу, ачуу процесси, биол. кычкылдануу механизмдери белгилүү болду. Азыркы Б-лык изилдөөлөрдүн багыты – нуклеин к-таларынын, белок биосинтезинин механизмдери, гормондордун таасири, клетканын ультраструктурасы, клеткада энергиянын пайда болушу ж. б. Б. биологиянын көп тармактарына – генетика, адам, жаныбар, өсүмдүк физиологиясына, микробиология, вирусология, биотехнология, ген инженериясы ж-а биофизикага таасир тийгизет. О. эле анын медицинага, а. ч., тамак-аш өндүрүшүнө, фармакологияга салымы чоӊ.
'''БИОХИ&#769;МИЯ, ''' б и о л о г и я л ы к х и м и я – организмдин курамына кирген заттардын химиялык түзүлүшүн, алардын тиричилигиндеги зат алмашууну изилдөөчү илим. Изилдөө объектисине жараша адамдын жаныбар, өсүмдүк жана микроорганизмдер Биохимиясы болуп бөлүнөт. Бардык организмдер Биохимиялык жагынан бирдей болгону менен өсүмдүк жана жаныбарлардын зат алмашуусунда айырмачылык бар. Биохимия өзүнчө илим катары 19–20-кылымдарда пайда болгон. Анын калыптанышы органикалык химия, физиология жана медицина илимдеринин жетишкендиктери менен тыгыз байланыштуу. 19-кылымдын башында өсүмдүк менен жаныбар клеткаларынын химиялык курамын изилдөө жүргүзүлгөн. 1928-жылы Ф. Велер мочевинаны синтездеген. 19-кылымдын 2-чи жарымында амин кислоталарынын, углеводдордун, майлардын түзүлүшү аныкталган. Изилдөөлөрдүн натыйжасында ар түрдүү организмдердин зат алмашуусунун бирдиги аныкталган. 20-кылымдын башында тамак-аштын жетишпегендигинен түрдүү оорулардын пайда болушу, витамин жана гормондор, алардын организмдеги ролу, ачуу процесси, биологиялык кычкылдануу механизмдери белгилүү болду. Азыркы Биохимиялык изилдөөлөрдүн багыты – нуклеин кислоталарынын, белок биосинтезинин механизмдери, гормондордун таасири, клетканын ультраструктурасы, клеткада энергиянын пайда болушу ж. б. Биохимия биологиянын көп тармактарына – генетика, адам, жаныбар, өсүмдүк физиологиясына, микробиология, вирусология, биотехнология, ген инженериясы жана биофизикага таасир тийгизет. Ошондой эле анын медицинага, айыл чарбасына, тамак-аш өндүрүшүнө, фармакологияга салымы чоӊ.<br/>''Ад.: Ленинжер'' А. Биохимия, М., 1985; Современные воззрения в биохимии / Пер. с англ., М., 1986. <br/>''М. А. Шерова.''
<br/>''Ад.: Ленинжер'' А. Биохимия, М., 1985; Современные воззрения в биохимии / Пер. с англ., М., 1986.  
<br/>''М. А. Шерова.''
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

03:53, 18 Апрель (Чын куран) 2024 -деги абалы

БИОХИ́МИЯ, б и о л о г и я л ы к х и м и я – организмдин курамына кирген заттардын химиялык түзүлүшүн, алардын тиричилигиндеги зат алмашууну изилдөөчү илим. Изилдөө объектисине жараша адамдын жаныбар, өсүмдүк жана микроорганизмдер Биохимиясы болуп бөлүнөт. Бардык организмдер Биохимиялык жагынан бирдей болгону менен өсүмдүк жана жаныбарлардын зат алмашуусунда айырмачылык бар. Биохимия өзүнчө илим катары 19–20-кылымдарда пайда болгон. Анын калыптанышы органикалык химия, физиология жана медицина илимдеринин жетишкендиктери менен тыгыз байланыштуу. 19-кылымдын башында өсүмдүк менен жаныбар клеткаларынын химиялык курамын изилдөө жүргүзүлгөн. 1928-жылы Ф. Велер мочевинаны синтездеген. 19-кылымдын 2-чи жарымында амин кислоталарынын, углеводдордун, майлардын түзүлүшү аныкталган. Изилдөөлөрдүн натыйжасында ар түрдүү организмдердин зат алмашуусунун бирдиги аныкталган. 20-кылымдын башында тамак-аштын жетишпегендигинен түрдүү оорулардын пайда болушу, витамин жана гормондор, алардын организмдеги ролу, ачуу процесси, биологиялык кычкылдануу механизмдери белгилүү болду. Азыркы Биохимиялык изилдөөлөрдүн багыты – нуклеин кислоталарынын, белок биосинтезинин механизмдери, гормондордун таасири, клетканын ультраструктурасы, клеткада энергиянын пайда болушу ж. б. Биохимия биологиянын көп тармактарына – генетика, адам, жаныбар, өсүмдүк физиологиясына, микробиология, вирусология, биотехнология, ген инженериясы жана биофизикага таасир тийгизет. Ошондой эле анын медицинага, айыл чарбасына, тамак-аш өндүрүшүнө, фармакологияга салымы чоӊ.
Ад.: Ленинжер А. Биохимия, М., 1985; Современные воззрения в биохимии / Пер. с англ., М., 1986.
М. А. Шерова.