БИОХИМИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:52, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БИОХИ́МИЯ, б и о л о г и я л ы к х и м и я – организмдин курамына кирген заттардын хим. түзүлүшүн, алардын тиричилигиндеги зат алмашууну изилдөөчү илим. Изилдөө объектисине жараша адамдын жаныбар, өсүмдүк ж-а микроорганизмдер Б-сы болуп бөлүнөт. Бардык организмдер Б-лык жагынан бирдей болгону м-н өсүмдүк ж-а жаныбарлардын зат алмашуусунда айырмачылык бар. Б. өзүнчө илим катары 19–20-к-дарда пайда болгон. Анын калыптанышы орг. химия, физиология ж-а медицина илимд. жетишкендиктери м-н тыгыз байланыштуу. 19-к-дын башында өсүмдүк м-н жаныбар клеткаларынын хим. курамын изилдөө жүргүзүлгөн. 1928-ж. Ф. Велер мочевинаны синтездеген. 19-к-дын 2-чи жарымында амин к-таларынын, углеводдордун, майлардын түзүлүшү аныкталган. Изилдөөлөрдүн натыйжасында ар түрдүү организмдердин зат алмашуусунун бирдиги аныкталган. 20-к-дын башында тамак-аштын жетишпегендигинен түрдүү оорулардын пайда болушу, витамин ж-а гормондор, алардын организмдеги ролу, ачуу процесси, биол. кычкылдануу механизмдери белгилүү болду. Азыркы Б-лык изилдөөлөрдүн багыты – нуклеин к-таларынын, белок биосинтезинин механизмдери, гормондордун таасири, клетканын ультраструктурасы, клеткада энергиянын пайда болушу ж. б. Б. биологиянын көп тармактарына – генетика, адам, жаныбар, өсүмдүк физиологиясына, микробиология, вирусология, биотехнология, ген инженериясы ж-а биофизикага таасир тийгизет. О. эле анын медицинага, а. ч., тамак-аш өндүрүшүнө, фармакологияга салымы чоӊ.
Ад.: Ленинжер А. Биохимия, М., 1985; Современные воззрения в биохимии / Пер. с англ., М., 1986.
М. А. Шерова.