БИОЭКОЛОГИЯ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
11:52, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БИОЭКОЛО́ГИЯ (био... ж-а экология) – экология илиминин бир тармагы. Анын негизги бөлүгү – биол. ж-а табигый системалардын экологиясын, о. эле особдордун (өзүнчө жашоочу организмдер), түрлөрдүн (аутэкология), популяциялардын (популяциялык экология, демэкология), көпчүлүк түрлөрдүн тобунун (синэкология) экологиясын ж-а экол. системаларды (биогеоценология, экосистемалар ж-дө окуу) ж. б-ларды изилдейт. Б-нын башка бөлүгү – системалык организмдердин топторун (бактериялар, козу карындар, өсүмдүктөр, жаныбарлар) ж-а майда системалык бирикмелерди (типтерди, класстарды, отряддарды) ж. б. карайт. Б-нын түзүүчүсү – эвол. экология.