БИОЭНЕРГЕТИКА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
11:52, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БИОЭНЕРГЕ́ТИКА – 1) организмдердин тиричилик процесстеринде энергиянын өзгөрүшүн изилдөөчү илим; биологиянын бир тармагы. Бул багыттын башаты немец врачы Ю. Р. Майер тарабынан энергиянын сакталуу ж-а өзгөрүү закону ачылгандан башталган. Ал эми 1841-ж. энергиянын сакталуусу ж-а өзгөрүүсү адамдын организминде болуучу процесстерде изилденген. 2) Энергетиканын биол. отунду колдонууга негизделген түрү; калыбына келүүчү энергиянын булагы. Мис., биогаздын курамына метандын аралашмасы (60–70%) ж-а көмүр кычкыл газы (30–40%) кирет; о. эле кээде күкүрттүү суутек (3%ке чейин) кошулат. Биогаз атайын аппараттарда метандын кычкылдануусунан пайда болот.
У. Андашев.