БИРДИКТЕР СИСТЕМАСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
1 сап: 1 сап:
'''БИРДИКТЕР СИСТЕМАСЫ ''' – кабыл алынган эрежеге ылайык айрым системаны түзгөн физ. чоӊдуктардын негизги ж-а туунду бирдиктеринин тобу. Ал физ. чоӊдуктардын табигый өз ара байланышын чагылдырган теорияга таянып түзүлөт. Аны түзүүдө негизги физ. чоӊдуктун эркин түрдө кабыл алынган бирдиги н е г и з г и б и р д и к деп аталат. Ошондуктан чоӊдуктардын бир эле системасы үчүн бирдиктердин бир нече системасын жаратууга болот. Мис., узундуктан (''L''), массадан (''M'') ж-а убакыттан (''Т'') түзүлгөн чоӊдуктардын ''LMT'' системасы үчүн ар кандай система түзүүгө болот. Мис., МКС (негизги бирдиктери: ''м, кг, сек''); СГС (бирдиктери: ''см, г, сек''); Британиялык система (бирдиктери: фут, фунт, ''сек''). Мында системалардын белгиси (мис., МКС) алардын негизги бирдиктеринин атынын биринчи тамгалары б-ча түзүлөт. Алгач Б. с-н 1832-ж. немец окумуштуусу К. Гаусс сунуш кылган. Негизги бирдиктер катары ''мм, мг'' ж-а ''сек'' кабыл алынган, ал эми туунду бирдиктери аныктоочу теӊдемелери б-ча табылат. 1851-ж. немец физиги Вебер Гаусстун Б. с-н электрдик чоӊдуктар системасын түзүүгө колдонгон. 19-к-дын экинчи жарымында Англияда негизги бирдиктери ''см, г'' ж-а ''сек'' болгон бирдиктердин СГС системасы иштелип чыккан. Бирдиктердин СГС системасы физ. изилдөөлөр үчүн абдан ыӊгайлуу болгондуктан, 1881-ж. Биринчи Эл аралык электриктер конгрессинде кабыл алынган ж-а ушул эле конгрессте мех., электрдик ж-а магниттик чоӊдуктардын СГС системасындагы туунду бирдиктери аныкталган. 1901-ж. итал. окумуштуу Ж. Жоржи МКС системасына төртүнчү бирдикти электр бирдигин сунуш кылып, ток күчүнүн бирдиги ''А'' (ампер) алынган (МКСА). МКСке термод. темп-ранын бирдиги (''К'') кельвинди кошуп, жылуулук бирдиктердин системасы (МКСК), 1919-ж. Францияда МТС системасы (''м, т, сек'') кабыл алынган. 19-к-дын акырынан баштап, бирдиктердин МКГСС (''м, кг''к үч, ''сек'') системасын колдонулуп келген. Бул система техникада кеӊири колдонулуп, көбүнчө бирдиктердин тех. системасы деп аталат. Б. с. ж-а көптөгөн системадан тышкары бирдиктердин болушу мамлекеттер аралык ил. ж-а экон. катнаш түзүүдө кыйынчылыктарга алып келген. Ошондуктан 19-к-дын аягында бирдиктердин Эл аралык бирдиктүү системасын түзүү зарылдыгы пайда болгон. Бирок мындай системаны (СИ) киргизүү ж-дөгү макулдашууга 1960-ж. гана 11-генералдык конференцияда чен ж-а салмактын бирдиктери кабыл алынган. СИ бирдигине жети негизги бирдик: узундук – ''м'', масса – ''кг'', убакыт – ''сек'', электр тогунун күчү – ''А,'' темп-ра – ''К'', жарык күчү – ''кд'', заттын саны – ''моль'' киргизилген. СИ жөнөкөй ж-а бир түргө алынып келингендиктен, көп мамлекеттерде, ал эми КМШ өлкөлөрүндө СИ системасы 1963-ж-дан баштап колдонулган. Теор. физиканын айрым бө-лүктөрүндө бирдиктердин табигый системалары пайдаланылат. Бирдиктердин табигый системаларын немис физиги М. Планк (1906) ж-а англ. физик Д. Хартри түзүшкөн. Ад''.: Бурдун Г. Д.'' Единица физических величин. 4-изд. М., 1967; ''Бурдун Г. Д., Марков Б. Н.'' Основы метрологии. 2-изд. М., 1975.  
'''БИРДИКТЕР СИСТЕМАСЫ ''' – кабыл алынган эрежеге ылайык айрым системаны түзгөн физикалык чоӊдуктардын негизги жана туунду бирдиктеринин тобу. Ал физикалык чоӊдуктардын табигый өз ара байланышын чагылдырган теорияга таянып түзүлөт. Аны түзүүдө негизги физикалык чоӊдуктун эркин түрдө кабыл алынган бирдиги н е г и з г и б и р д и к деп аталат. Ошондуктан чоӊдуктардын бир эле системасы үчүн бирдиктердин бир нече системасын жаратууга болот. Мисалы, узундуктан (''L''), массадан (''M'') жана убакыттан (''Т'') түзүлгөн чоӊдуктардын ''LMT'' системасы үчүн ар кандай система түзүүгө болот. Мисалы, МКС (негизги бирдиктери: ''м, кг, сек''); СГС (бирдиктери: ''см, г, сек''); Британиялык система (бирдиктери: фут, фунт, ''сек''). Мында системалардын белгиси (мисалы, МКС) алардын негизги бирдиктеринин атынын биринчи тамгалары боюнча түзүлөт. Алгач Бирдиктер  системасын 1832-жылы немец окумуштуусу К. Гаусс сунуш кылган. Негизги бирдиктер катары ''мм, мг'' жана ''сек'' кабыл алынган, ал эми туунду бирдиктери аныктоочу теӊдемелери боюнча табылат. 1851-жылы немец физиги Вебер Гаусстун Бирдиктер  системасын электрдик чоӊдуктар системасын түзүүгө колдонгон. 19-кылымдын экинчи жарымында Англияда негизги бирдиктери ''см, г'' жана ''сек'' болгон бирдиктердин СГС системасы иштелип чыккан. Бирдиктердин СГС системасы физикалык изилдөөлөр үчүн абдан ыӊгайлуу болгондуктан, 1881-жылы биринчи Эл аралык электриктер конгрессинде кабыл алынган жана ушул эле конгрессте механикалык, электрдик жана магниттик чоӊдуктардын СГС системасындагы туунду бирдиктери аныкталган. 1901-жылы италиялык окумуштуу Ж. Жоржи МКС системасына төртүнчү бирдикти электр бирдигин сунуш кылып, ток күчүнүн бирдиги ''А'' (ампер) алынган (МКСА). МКСке термодинамикалык температуранын бирдиги (''К'') кельвинди кошуп, жылуулук бирдиктердин системасы (МКСК), 1919-жылы Францияда МТС системасы (''м, т, сек'') кабыл алынган. 19-кылымдын акырынан баштап, бирдиктердин МКГСС (''м, кг''к үч, ''сек'') системасы колдонулуп келген. Бул система техникада кеӊири колдонулуп, көбүнчө бирдиктердин техникалык системасы деп аталат. Бирдиктер  системасы жана көптөгөн системадан тышкары бирдиктердин болушу мамлекеттер аралык илимий жана экономикалык катнаш түзүүдө кыйынчылыктарга алып келген. Ошондуктан 19-кылымдын аягында бирдиктердин Эл аралык бирдиктүү системасын түзүү зарылдыгы пайда болгон. Бирок мындай системаны (СИ) киргизүү жөнүндөгү макулдашууга ылайык 1960-жылы гана 11-генералдык конференцияда чен жана салмактын бирдиктери кабыл алынган. СИ бирдигине жети негизги бирдик: узундук – ''м'', масса – ''кг'', убакыт – ''сек'', электр тогунун күчү – ''А,'' температура – ''К'', жарык күчү – ''кд'', заттын саны – ''моль'' киргизилген. СИ жөнөкөй жана бир түргө алынып келингендиктен, көп мамлекеттерде, ал эми КМШ өлкөлөрүндө СИ системасы 1963-жылдан баштап колдонулган. Теориялык физиканын айрым бө-лүктөрүндө бирдиктердин табигый системалары пайдаланылат. Бирдиктердин табигый системаларын немис физиги М. Планк (1906) жана англ. физик Д. Хартри түзүшкөн.  
<br/>''М. Байбосунов.''
 
Ад''.: Бурдун Г. Д.'' Единица физических величин. 4-изд. М., 1967; ''Бурдун Г. Д., Марков Б. Н.'' Основы метрологии. 2-изд. М., 1975. <br />
 
''М. Байбосунов.''
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

09:41, 18 Апрель (Чын куран) 2024 -деги абалы

БИРДИКТЕР СИСТЕМАСЫ – кабыл алынган эрежеге ылайык айрым системаны түзгөн физикалык чоӊдуктардын негизги жана туунду бирдиктеринин тобу. Ал физикалык чоӊдуктардын табигый өз ара байланышын чагылдырган теорияга таянып түзүлөт. Аны түзүүдө негизги физикалык чоӊдуктун эркин түрдө кабыл алынган бирдиги н е г и з г и б и р д и к деп аталат. Ошондуктан чоӊдуктардын бир эле системасы үчүн бирдиктердин бир нече системасын жаратууга болот. Мисалы, узундуктан (L), массадан (M) жана убакыттан (Т) түзүлгөн чоӊдуктардын LMT системасы үчүн ар кандай система түзүүгө болот. Мисалы, МКС (негизги бирдиктери: м, кг, сек); СГС (бирдиктери: см, г, сек); Британиялык система (бирдиктери: фут, фунт, сек). Мында системалардын белгиси (мисалы, МКС) алардын негизги бирдиктеринин атынын биринчи тамгалары боюнча түзүлөт. Алгач Бирдиктер системасын 1832-жылы немец окумуштуусу К. Гаусс сунуш кылган. Негизги бирдиктер катары мм, мг жана сек кабыл алынган, ал эми туунду бирдиктери аныктоочу теӊдемелери боюнча табылат. 1851-жылы немец физиги Вебер Гаусстун Бирдиктер системасын электрдик чоӊдуктар системасын түзүүгө колдонгон. 19-кылымдын экинчи жарымында Англияда негизги бирдиктери см, г жана сек болгон бирдиктердин СГС системасы иштелип чыккан. Бирдиктердин СГС системасы физикалык изилдөөлөр үчүн абдан ыӊгайлуу болгондуктан, 1881-жылы биринчи Эл аралык электриктер конгрессинде кабыл алынган жана ушул эле конгрессте механикалык, электрдик жана магниттик чоӊдуктардын СГС системасындагы туунду бирдиктери аныкталган. 1901-жылы италиялык окумуштуу Ж. Жоржи МКС системасына төртүнчү бирдикти электр бирдигин сунуш кылып, ток күчүнүн бирдиги А (ампер) алынган (МКСА). МКСке термодинамикалык температуранын бирдиги (К) кельвинди кошуп, жылуулук бирдиктердин системасы (МКСК), 1919-жылы Францияда МТС системасы (м, т, сек) кабыл алынган. 19-кылымдын акырынан баштап, бирдиктердин МКГСС (м, кгк үч, сек) системасы колдонулуп келген. Бул система техникада кеӊири колдонулуп, көбүнчө бирдиктердин техникалык системасы деп аталат. Бирдиктер системасы жана көптөгөн системадан тышкары бирдиктердин болушу мамлекеттер аралык илимий жана экономикалык катнаш түзүүдө кыйынчылыктарга алып келген. Ошондуктан 19-кылымдын аягында бирдиктердин Эл аралык бирдиктүү системасын түзүү зарылдыгы пайда болгон. Бирок мындай системаны (СИ) киргизүү жөнүндөгү макулдашууга ылайык 1960-жылы гана 11-генералдык конференцияда чен жана салмактын бирдиктери кабыл алынган. СИ бирдигине жети негизги бирдик: узундук – м, масса – кг, убакыт – сек, электр тогунун күчү – А, температура – К, жарык күчү – кд, заттын саны – моль киргизилген. СИ жөнөкөй жана бир түргө алынып келингендиктен, көп мамлекеттерде, ал эми КМШ өлкөлөрүндө СИ системасы 1963-жылдан баштап колдонулган. Теориялык физиканын айрым бө-лүктөрүндө бирдиктердин табигый системалары пайдаланылат. Бирдиктердин табигый системаларын немис физиги М. Планк (1906) жана англ. физик Д. Хартри түзүшкөн.

Ад.: Бурдун Г. Д. Единица физических величин. 4-изд. М., 1967; Бурдун Г. Д., Марков Б. Н. Основы метрологии. 2-изд. М., 1975.

М. Байбосунов.