БИРДИКТЕР СИСТЕМАСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:52, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БИРДИКТЕР СИСТЕМАСЫ – кабыл алынган эрежеге ылайык айрым системаны түзгөн физ. чоӊдуктардын негизги ж-а туунду бирдиктеринин тобу. Ал физ. чоӊдуктардын табигый өз ара байланышын чагылдырган теорияга таянып түзүлөт. Аны түзүүдө негизги физ. чоӊдуктун эркин түрдө кабыл алынган бирдиги н е г и з г и б и р д и к деп аталат. Ошондуктан чоӊдуктардын бир эле системасы үчүн бирдиктердин бир нече системасын жаратууга болот. Мис., узундуктан (L), массадан (M) ж-а убакыттан (Т) түзүлгөн чоӊдуктардын LMT системасы үчүн ар кандай система түзүүгө болот. Мис., МКС (негизги бирдиктери: м, кг, сек); СГС (бирдиктери: см, г, сек); Британиялык система (бирдиктери: фут, фунт, сек). Мында системалардын белгиси (мис., МКС) алардын негизги бирдиктеринин атынын биринчи тамгалары б-ча түзүлөт. Алгач Б. с-н 1832-ж. немец окумуштуусу К. Гаусс сунуш кылган. Негизги бирдиктер катары мм, мг ж-а сек кабыл алынган, ал эми туунду бирдиктери аныктоочу теӊдемелери б-ча табылат. 1851-ж. немец физиги Вебер Гаусстун Б. с-н электрдик чоӊдуктар системасын түзүүгө колдонгон. 19-к-дын экинчи жарымында Англияда негизги бирдиктери см, г ж-а сек болгон бирдиктердин СГС системасы иштелип чыккан. Бирдиктердин СГС системасы физ. изилдөөлөр үчүн абдан ыӊгайлуу болгондуктан, 1881-ж. Биринчи Эл аралык электриктер конгрессинде кабыл алынган ж-а ушул эле конгрессте мех., электрдик ж-а магниттик чоӊдуктардын СГС системасындагы туунду бирдиктери аныкталган. 1901-ж. итал. окумуштуу Ж. Жоржи МКС системасына төртүнчү бирдикти электр бирдигин сунуш кылып, ток күчүнүн бирдиги А (ампер) алынган (МКСА). МКСке термод. темп-ранын бирдиги (К) кельвинди кошуп, жылуулук бирдиктердин системасы (МКСК), 1919-ж. Францияда МТС системасы (м, т, сек) кабыл алынган. 19-к-дын акырынан баштап, бирдиктердин МКГСС (м, кгк үч, сек) системасын колдонулуп келген. Бул система техникада кеӊири колдонулуп, көбүнчө бирдиктердин тех. системасы деп аталат. Б. с. ж-а көптөгөн системадан тышкары бирдиктердин болушу мамлекеттер аралык ил. ж-а экон. катнаш түзүүдө кыйынчылыктарга алып келген. Ошондуктан 19-к-дын аягында бирдиктердин Эл аралык бирдиктүү системасын түзүү зарылдыгы пайда болгон. Бирок мындай системаны (СИ) киргизүү ж-дөгү макулдашууга 1960-ж. гана 11-генералдык конференцияда чен ж-а салмактын бирдиктери кабыл алынган. СИ бирдигине жети негизги бирдик: узундук – м, масса – кг, убакыт – сек, электр тогунун күчү – А, темп-ра – К, жарык күчү – кд, заттын саны – моль киргизилген. СИ жөнөкөй ж-а бир түргө алынып келингендиктен, көп мамлекеттерде, ал эми КМШ өлкөлөрүндө СИ системасы 1963-ж-дан баштап колдонулган. Теор. физиканын айрым бө-лүктөрүндө бирдиктердин табигый системалары пайдаланылат. Бирдиктердин табигый системаларын немис физиги М. Планк (1906) ж-а англ. физик Д. Хартри түзүшкөн. Ад.: Бурдун Г. Д. Единица физических величин. 4-изд. М., 1967; Бурдун Г. Д., Марков Б. Н. Основы метрологии. 2-изд. М., 1975.
М. Байбосунов.