БИРИККЕН АРАБ ЭМИРЛИКТЕРИ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |

1 сап: | 1 сап: | ||
'''БИРИККЕН АРАБ ЭМИРЛИКТЕРИ ''' (Аль-Амират аль-Арабия аль-Муттахида, БАЭ) – Батыш Азиядагы мамлекет, Араб | '''БИРИККЕН АРАБ ЭМИРЛИКТЕРИ ''' (Аль-Амират аль-Арабия аль-Муттахида, БАЭ) – Батыш Азиядагы мамлекет, Араб жарым аралынын түндүк-чыгышында жайгашкан өлкө. Түндүгүнөн Катар, түштүгүнөн, түштүгүнөн-батышынан жана түштүк-чыгышынан Оман менен чектешет. Түндүгүн Перс булуӊу, чыгышын Оман булуӊу чулгап жатат. Аянты БУУнун маалыматы боюнча 83,6 миӊ ''км''2 (БАЭнин кургактыктагы чек арасы чөл аркылуу өтүп, так эмес). Калкы 10,3 млн (2020). Борбору – Абу-Даби ш. Расмий тили – араб тили, перс тилинде да сүйлөшөт. Акча бирдиги – дирхам.

[[File:БИРИККЕН АРАБ ЭМИРЛИКТЕРИ2.png | thumb | none]] | [[File:БИРИККЕН АРАБ ЭМИРЛИКТЕРИ2.png | thumb | none]] | ||

==Мамлекеттик түзүлүшү== |
'''==Мамлекеттик түзүлүшү=='''
БАЭ – курамы 7 эмирликтен (Абу-Даби, Дубай, Шаржа, Ажман, Уммэль-Кайвайн, Эль-Фужайра, Рас-эль-Хайма) турган федерациялык мамлекет (эмирликтер бардыгы теӊ абсолюттук монархиялар болуп саналат). Конституциясы 1971-жылы кабыл алынган. Башкаруу формасы – конституциялык монархия. Мамлекет башчысы – Федералдык улуттук кеӊеш тарабынан эмирликтердин монархтарынын ичинен 5 жылга шайланган президент. Аткаруу бийлигинин органы – премьер-министр жетектеген өкмөт (кабинет). Саясий партиялары жок.

| ==Табияты == | ||

Аймагынын көпчүлүк бөлүгү ойдуӊдуу түздүктөр, чыгышын тоолор (бийиктиги 1127 ''м''ге чейин), батышын таштуу чөл ээлейт. Климаты кургак, тропиктен субтропикке өтмө. Айлык орточо температурасы 20°Сден 35°Сге (максимум 50°Сге жетет) чейин. Жылдык жаан-чачыны 100 ''мм'', тоолорунда 300–400 ''мм''. Туруктуу дарыясы жок. Аянтынын көп бөлүгүн шор жер жана кумдуу чөл ээлейт. Оазистеринде сейрек курма пальмасы, акация, тамарисктер өсөт.

==Табияты | ==Калкы == | ||

Аймагынын көпчүлүк бөлүгү ойдуӊдуу түздүктөр, чыгышын тоолор ( |
Негизинен арабдар (90%тен ашык), ошондой эле перс, белуж ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Ислам динин (58%; мусулман сүнөттөр) тутат. Калкынын 27% христиан дининде, друздар сектасы бар. Шаар калкы 84%. Ири шаарлары: Абу-Даби, Дубай, Шаржа.

| [[File:БИРИККЕН АРАБ ЭМИРЛИКТЕРИ3.png | thumb | Абу-Даби шаары, мусулман салттары сакталып,
жаӊыча курулган имараттар.]] | ||
==Калкы | |||

Негизинен арабдар (90%тен ашык), | |||

[[File:БИРИККЕН АРАБ ЭМИРЛИКТЕРИ3.png | thumb | Абу-Даби шаары, мусулман салттары сакталып, | |||

жаӊыча курулган имараттар.]] | |||

==Тарыхы |
'''==Тарыхы =='''
Байыркы мезгилдерден жаӊы мезгилдин башталышына чейин БАЭ жайгашкан аймактар (княздыктар) Омандын бөлүгү болгон. Б. з. ч. 6-кылымда ''Ахемениддер мамлекетинин'' бийлиги астына өткөн. 3–6-кылымдарда ''Сасаниддер'' мамлекетинин, 7-кылымдан Араб халифатынын курамына кирген; ислам дини таркаган. 13-кылымда БАЭнин аймагы ''Хулагуиддердин'' баскынчылыгына дуушар болгон. 16-кылымдын башы – 17-кылымдын ортосунда айрым бөлүктөрүн португалиялыктар ээлешкен. 18-кылымдан Перс булуӊунда соода жүргүзүүнү көзөмөлгө алууга аракеттенген британдык Ост-Инд компаниясы менен жергиликтүү арабдардын (англичандар аларды каракчылар деп аташкан) ортосунда узакка созулган чатактар башталган. Ушундан улам княздыктардын айрымдарын англичандар «Каракчылар жээги» деп аташкан. 19-кылымдын башында Ост-Инд компаниясы каракчылар менен күрөшүү шылтоосу менен бир катар согуштук экспедицияларды уюштуруп, 1820-жылы 7 араб княздыгынын эмирлери менен шейхтерин (башкаруучуларды) келишимге кол коюуга мажбурлап, байыркы Оман үч бөлүккө – Оман имамдыгы, Маскат султандыгы жана «Каракчылар жээгине» бөлүнгөн. Ост-Инд компаниясы менен жергиликтүү башкаруучулардын ортосунда кол коюлган жаӊы келишимдер (1835, 1839, 1853, 1892) бул аймакта англиялык протектораттын орношуна алып келген. 1835-жылдан англиялык колониячылар аны Oman Trucial [кырг. – Оман келишими (ОК)] деп аташкан. ОКга кирген княздыктардын аймагында британдык согуш базалары (Шаржа княздыгында) түзүлгөн. 20-кылымдын 20-жылдарында бир нече княздыкта англичандарга каршы кыймылдар күч алган. Улуу Британиянын лейбористтик өкмөтүнүн Перс булуӊундагы райондордон өз аскерлерин 1971-жылдын аягына карата толук алып чыгып кетүү жөнүндөгү билдирүүсүнөн кийин, ОКга кирген княздыктар араб княздыктарынын федерациясын түзүү жөнүндөгү макулдашууга кол коюшкан. 1971-жылы 2-декабрда көз каранды эмес БАЭнын түзүлгөндүгү жарыяланган.
1990–91-жылдары Кувейт кризиси мезгилинде БАЭ Ирак менен дипломатиялык мамилесин үзүп, (1998-жылы калыбына келтирилген), АКШ башында турган Иракка каршы коалицияга катышып, Кувейт бошотулгандан кийин Иракка байланыштуу санкцияларды колдогон. 2003-жылы Иракка каршы эл аралык коалициянын иш-аракетинин жүрүшүндө БАЭ бейтараптуулугун сактап (бирок коалициялык күчтөрдү жайгаштыруу үчүн өз аймагын берген), коалиция аяктагандан кийин Ирактын жаңы өкмөтүнө олуттуу финансылык жана гуманитардык жардам көрсөткөн. 1970-жылдын аягынан БАЭ ар кандай афган моджахеддер топторун колдоп, 1997-жылы Пакистан жана Сауд Арабиясы менен бирге талибан режимин тааныган. 2001-жылдын 11-сентябрында Нью-Йорк жана Вашингтондо болгон террордук чабуулдардан кийин БАЭ өкмөтү Талибан кыймылы м-н байланышын үзгөн. 2011-жылы БАЭ Куралдуу Күчтөрүнүн бөлүктөрү Катардын аскер бөлүктөрү менен бирге Ливиядагы жарандык согушка катышкан. БАЭнин коргонуу саясатынын негизги багыты АКШ ж. б. батыш өлкөлөрү менен союздаштык мамилелерди чыңдоого багытталган. 1971-жылы 6-декабрда БАЭ Араб өлкөлөрүнүн лигасына, 9-декабрда Бириккен Улуттар Уюмунуна кабыл алынган.

Байыркы мезгилдерден жаӊы мезгилдин башталышына чейин БАЭ жайгашкан аймактар (княздыктар) Омандын бөлүгү болгон. Б. з. ч. 6- | |||

1990–91-жылдары Кувейт кризиси мезгилинде БАЭ Ирак | |||

[[File:БИРИККЕН АРАБ ЭМИРЛИКТЕРИ4.png | thumb | none]] | [[File:БИРИККЕН АРАБ ЭМИРЛИКТЕРИ4.png | thumb | none]] | ||

==Экономикасынын |
'''==Экономикасынын''' негизин нефть, газ өнөр жайы түзөт. Ички дүң продукциясынын көлөмү 421,1 миллиард доллар (2019). Аны киши башына бөлүштүргөндө 22 220 доллардан (АКШ) туура келет. Дүйнөдөгү нефть, газ өндүрүүчү жана экспорттоочу ири өлкөлөрдүн бири. Нефть ылгоочу, нефть-химия, металлургия (алюминий эритүү), цемент өнөр жайы тез темп менен өнүгүүдө. Ички дүӊ продукциясындагы өнөр жайдын үлүшү 41,7% (анын ичинен нефть, газ өндүрүү 33,4%), айыл чарбасыныкы 2,5%. 1992-жылы 134 млн ''м''3 газ, 13,5 млн т нефть продукциялары, 1994-жылы 18,8 млрд ''кВт·с'' электр энергиясы өндүрүлгөн. Көчмөндүү мал чарбасы жана оазистеринде дыйканчылык өнүккөн. Элинин салт болуп калган көнүмүш жумушу – балык кармоо жана бермет чогултуу. Кустардык промысели (килем, кыл торко, чегелөө) бар. Негизги транспорту – автомобиль; автомобиль жолунун узундугу 4,7 миӊ ''км'' (1995; анын ичинен асфальтталганы 2 миӊ ''км''). Деӊиз порттору: Жебель-Али, Рашид (Дубай), Зейд (Абу-Даби), Мина-Халед (Шаржа). Сыртка нефть, нефть продуктулары, суюлтулган газ, алюминий ж. б. чыгарат. Негизги соода шериктештери: Япония, Индия, Иран, Оман, Корея Республикасы, Сингапур, АКШ.

[[File:БИРИККЕН АРАБ ЭМИРЛИКТЕРИ5.png | thumb | Нефть түтүгүн куруу.]] | [[File:БИРИККЕН АРАБ ЭМИРЛИКТЕРИ5.png | thumb | Нефть түтүгүн куруу.]] | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
02:52, 19 Апрель (Чын куран) 2024 -деги абалы
БИРИККЕН АРАБ ЭМИРЛИКТЕРИ (Аль-Амират аль-Арабия аль-Муттахида, БАЭ) – Батыш Азиядагы мамлекет, Араб жарым аралынын түндүк-чыгышында жайгашкан өлкө. Түндүгүнөн Катар, түштүгүнөн, түштүгүнөн-батышынан жана түштүк-чыгышынан Оман менен чектешет. Түндүгүн Перс булуӊу, чыгышын Оман булуӊу чулгап жатат. Аянты БУУнун маалыматы боюнча 83,6 миӊ км2 (БАЭнин кургактыктагы чек арасы чөл аркылуу өтүп, так эмес). Калкы 10,3 млн (2020). Борбору – Абу-Даби ш. Расмий тили – араб тили, перс тилинде да сүйлөшөт. Акча бирдиги – дирхам.

==Мамлекеттик түзүлүшү==
БАЭ – курамы 7 эмирликтен (Абу-Даби, Дубай, Шаржа, Ажман, Уммэль-Кайвайн, Эль-Фужайра, Рас-эль-Хайма) турган федерациялык мамлекет (эмирликтер бардыгы теӊ абсолюттук монархиялар болуп саналат). Конституциясы 1971-жылы кабыл алынган. Башкаруу формасы – конституциялык монархия. Мамлекет башчысы – Федералдык улуттук кеӊеш тарабынан эмирликтердин монархтарынын ичинен 5 жылга шайланган президент. Аткаруу бийлигинин органы – премьер-министр жетектеген өкмөт (кабинет). Саясий партиялары жок.
Табияты
Аймагынын көпчүлүк бөлүгү ойдуӊдуу түздүктөр, чыгышын тоолор (бийиктиги 1127 мге чейин), батышын таштуу чөл ээлейт. Климаты кургак, тропиктен субтропикке өтмө. Айлык орточо температурасы 20°Сден 35°Сге (максимум 50°Сге жетет) чейин. Жылдык жаан-чачыны 100 мм, тоолорунда 300–400 мм. Туруктуу дарыясы жок. Аянтынын көп бөлүгүн шор жер жана кумдуу чөл ээлейт. Оазистеринде сейрек курма пальмасы, акация, тамарисктер өсөт.
Калкы
Негизинен арабдар (90%тен ашык), ошондой эле перс, белуж ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Ислам динин (58%; мусулман сүнөттөр) тутат. Калкынын 27% христиан дининде, друздар сектасы бар. Шаар калкы 84%. Ири шаарлары: Абу-Даби, Дубай, Шаржа.

жаӊыча курулган имараттар.
==Тарыхы ==
Байыркы мезгилдерден жаӊы мезгилдин башталышына чейин БАЭ жайгашкан аймактар (княздыктар) Омандын бөлүгү болгон. Б. з. ч. 6-кылымда Ахемениддер мамлекетинин бийлиги астына өткөн. 3–6-кылымдарда Сасаниддер мамлекетинин, 7-кылымдан Араб халифатынын курамына кирген; ислам дини таркаган. 13-кылымда БАЭнин аймагы Хулагуиддердин баскынчылыгына дуушар болгон. 16-кылымдын башы – 17-кылымдын ортосунда айрым бөлүктөрүн португалиялыктар ээлешкен. 18-кылымдан Перс булуӊунда соода жүргүзүүнү көзөмөлгө алууга аракеттенген британдык Ост-Инд компаниясы менен жергиликтүү арабдардын (англичандар аларды каракчылар деп аташкан) ортосунда узакка созулган чатактар башталган. Ушундан улам княздыктардын айрымдарын англичандар «Каракчылар жээги» деп аташкан. 19-кылымдын башында Ост-Инд компаниясы каракчылар менен күрөшүү шылтоосу менен бир катар согуштук экспедицияларды уюштуруп, 1820-жылы 7 араб княздыгынын эмирлери менен шейхтерин (башкаруучуларды) келишимге кол коюуга мажбурлап, байыркы Оман үч бөлүккө – Оман имамдыгы, Маскат султандыгы жана «Каракчылар жээгине» бөлүнгөн. Ост-Инд компаниясы менен жергиликтүү башкаруучулардын ортосунда кол коюлган жаӊы келишимдер (1835, 1839, 1853, 1892) бул аймакта англиялык протектораттын орношуна алып келген. 1835-жылдан англиялык колониячылар аны Oman Trucial [кырг. – Оман келишими (ОК)] деп аташкан. ОКга кирген княздыктардын аймагында британдык согуш базалары (Шаржа княздыгында) түзүлгөн. 20-кылымдын 20-жылдарында бир нече княздыкта англичандарга каршы кыймылдар күч алган. Улуу Британиянын лейбористтик өкмөтүнүн Перс булуӊундагы райондордон өз аскерлерин 1971-жылдын аягына карата толук алып чыгып кетүү жөнүндөгү билдирүүсүнөн кийин, ОКга кирген княздыктар араб княздыктарынын федерациясын түзүү жөнүндөгү макулдашууга кол коюшкан. 1971-жылы 2-декабрда көз каранды эмес БАЭнын түзүлгөндүгү жарыяланган.
1990–91-жылдары Кувейт кризиси мезгилинде БАЭ Ирак менен дипломатиялык мамилесин үзүп, (1998-жылы калыбына келтирилген), АКШ башында турган Иракка каршы коалицияга катышып, Кувейт бошотулгандан кийин Иракка байланыштуу санкцияларды колдогон. 2003-жылы Иракка каршы эл аралык коалициянын иш-аракетинин жүрүшүндө БАЭ бейтараптуулугун сактап (бирок коалициялык күчтөрдү жайгаштыруу үчүн өз аймагын берген), коалиция аяктагандан кийин Ирактын жаңы өкмөтүнө олуттуу финансылык жана гуманитардык жардам көрсөткөн. 1970-жылдын аягынан БАЭ ар кандай афган моджахеддер топторун колдоп, 1997-жылы Пакистан жана Сауд Арабиясы менен бирге талибан режимин тааныган. 2001-жылдын 11-сентябрында Нью-Йорк жана Вашингтондо болгон террордук чабуулдардан кийин БАЭ өкмөтү Талибан кыймылы м-н байланышын үзгөн. 2011-жылы БАЭ Куралдуу Күчтөрүнүн бөлүктөрү Катардын аскер бөлүктөрү менен бирге Ливиядагы жарандык согушка катышкан. БАЭнин коргонуу саясатынын негизги багыты АКШ ж. б. батыш өлкөлөрү менен союздаштык мамилелерди чыңдоого багытталган. 1971-жылы 6-декабрда БАЭ Араб өлкөлөрүнүн лигасына, 9-декабрда Бириккен Улуттар Уюмунуна кабыл алынган.

==Экономикасынын негизин нефть, газ өнөр жайы түзөт. Ички дүң продукциясынын көлөмү 421,1 миллиард доллар (2019). Аны киши башына бөлүштүргөндө 22 220 доллардан (АКШ) туура келет. Дүйнөдөгү нефть, газ өндүрүүчү жана экспорттоочу ири өлкөлөрдүн бири. Нефть ылгоочу, нефть-химия, металлургия (алюминий эритүү), цемент өнөр жайы тез темп менен өнүгүүдө. Ички дүӊ продукциясындагы өнөр жайдын үлүшү 41,7% (анын ичинен нефть, газ өндүрүү 33,4%), айыл чарбасыныкы 2,5%. 1992-жылы 134 млн м3 газ, 13,5 млн т нефть продукциялары, 1994-жылы 18,8 млрд кВт·с электр энергиясы өндүрүлгөн. Көчмөндүү мал чарбасы жана оазистеринде дыйканчылык өнүккөн. Элинин салт болуп калган көнүмүш жумушу – балык кармоо жана бермет чогултуу. Кустардык промысели (килем, кыл торко, чегелөө) бар. Негизги транспорту – автомобиль; автомобиль жолунун узундугу 4,7 миӊ км (1995; анын ичинен асфальтталганы 2 миӊ км). Деӊиз порттору: Жебель-Али, Рашид (Дубай), Зейд (Абу-Даби), Мина-Халед (Шаржа). Сыртка нефть, нефть продуктулары, суюлтулган газ, алюминий ж. б. чыгарат. Негизги соода шериктештери: Япония, Индия, Иран, Оман, Корея Республикасы, Сингапур, АКШ.