БИРИККЕН УЛУТТАР УЮМУ (БУУ): нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
1 сап: 1 сап:
'''БИРИККЕН УЛУТТАР УЮМУ (БУУ) ''' – тынчтык ж-а коопсуздукту сактоо, өлкөлөр аралык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында түзүлгөн эл аралык уюм. СССР, АКШ, Улуу Британия мамлекеттеринин өкүлдөрүнүн катышуусу м-н 1944-ж. август – октябрь айларында өткөн Думбартон-Окс конференциясында (АКШ) анын уставынын алгачкы жоболору иштелип чыгып, Крым конференциясында (1945) макулдашылып, 1945-ж. 26-июнда 51 мамлекеттин өкүлдөрү катышкан Сан-Франциско конф-ясында талкууланган. 1945-ж. 24-октябрда устав кабыл алынып, бул күн жыл сайын БУУнун түзүлгөн күнү катары белгиленет. БУУнун башкы органдары: Башкы Ассамблея, Коопсуздук кеӊеши, Экон. ж-а Социалдык кеӊеш, Камкордук көрсөтүү кеӊеши, Эл аралык Сот ж-а Секретариат. Б а ш к ы А с с а м б л е я – БУУнун жогорку органы. Анда БУУнун бардык мүчө-мамлекеттеринин бештен көп эмес өкүлдөрү иш жүргүзөт. Ассамблея БУУнун
'''БИРИККЕН УЛУТТАР УЮМУ (БУУ) ''' – тынчтык жана коопсуздукту сактоо, өлкөлөр аралык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында түзүлгөн эл аралык уюм. СССР, АКШ, Улуу Британия мамлекеттеринин өкүлдөрүнүн катышуусу менен 1944-жылы август – октябрь айларында өткөн Думбартон-Окс конференциясында (АКШ) анын уставынын алгачкы жоболору иштелип чыгып, Крым конференциясында (1945) макулдашылып, 1945-жылы 26-июнда 51 мамлекеттин өкүлдөрү катышкан Сан-Франциско конференциясында талкууланган. 1945-жылы 24-октябрда устав кабыл алынып, бул күн жыл сайын БУУнун түзүлгөн күнү катары белгиленет. БУУнун башкы органдары: Башкы Ассамблея, Коопсуздук кеӊеши, Экономикалык ж-а Социалдык кеӊеш, Камкордук көрсөтүү кеӊеши, Эл аралык Сот жана Секретариат. Б а ш к ы А с с а м б л е я – БУУнун жогорку органы. Анда БУУнун бардык мүчө-мамлекеттеринин бештен көп эмес өкүлдөрү иш жүргүзөт. Ассамблея БУУнун<br/>
<br/>
[[File:БИРИККЕН УЛУТТАР УЮМУ (БУУ)7.png | thumb | none]]уставынын чегинде маселелерди чечет жана мүчө-мамлекеттерге, ошондой эле БУУнун Коопсуздук комитетине сунуш бере алат. 7 негизги комитети – саясий жана коопсуздук, куралсыздандыруу жана эл аралык коопсуздук, экономикалык жана финансы ж. б. иштери б-ча; 2 туруктуу комитетити административдик, бюджет маселелери б-ча кеӊеш берүүчү жана акы төлөө боюнча комитеттер. Булардан тышкары атайын түзүлгөн комитеттер жана комиссиялар (мисалы, космос мейкиндигин тынчтыкта пайдалануу комитети, Эл аралык укук комиссиясы ж. б.) бар. БУУнун Башкы Ассамблеясынын автономиялык эл аралык уюмдардын укугуна ээ өзгөчө органдары да иш жүргүзөт, мисалы, Атом энергиясы боюнча эл аралык агентчилиги. Ассамблеянын кезектеги сессиясы жыл сайын, кезексиз же атайын сессиясы шартка жараша зарыл учурда чакырылат. К о о п с у з д у к к е ӊ е ш и – БУУнун негизги ж-а туруктуу иштөөчү органдарынын бири. БУУнун уставы боюнча эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо милдети жүктөлгөн. Кеӊештин
[[File:БИРИККЕН УЛУТТАР УЮМУ (БУУ)7.png | thumb | none]]
 
уставынын чегинде маселелерди чечет ж-а мүчө-мамлекеттерге, о. эле БУУнун Коопсуздук к-тине сунуш бере алат. 7 негизги к-ти – саясий ж-а коопсуздук, куралсыздандыруу ж-а эл аралык коопсуздук, экон. ж-а финансы ж. б. иштери б-ча; 2 туруктуу к-ти адм., бюджет маселелери б-ча кеӊеш берүүчү ж-а акы төлөө б-ча к-ттер. Булардан тышкары атайын түзүлгөн к-ттер ж-а комиссиялар (мис., космос мейкиндигин тынчтыкта пайдалануу к-ти, Эл аралык укук комиссиясы ж. б.) бар. БУУнун Башкы Ассамблеясынын автономиялык эл аралык уюмдардын укугуна ээ өзгөчө органдары да иш жүргүзөт, мис., Атом энергиясы б-ча эл аралык агентчилиги. Ассамблеянын кезектеги сессиясы жыл сайын, кезексиз же атайын сессиясы шартка жараша зарыл учурда чакырылат. К о о п с у з д у к к е ӊ е ш и – БУУнун негизги ж-а туруктуу иштөөчү органдарынын бири. БУУнун уставы б-ча эл аралык тынчтыкты ж-а коопсуздукту сактоо милдети жүктөлгөн. Кеӊештин
<br />[[File:БИРИККЕН УЛУТТАР УЮМУ (БУУ)8.png | thumb | <center>БУУнун Нью-Йорктогу штаб-квартирасы.</center>]]5 туруктуу (Кытай, Франция, Россия, Улуу Британия ж-а АКШ) жана 10 убактылуу (алар БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2 жылда бир шайланып турат) мүчөсү бар. Коопсуздук кеӊешинин чечимдери жалпы добуш берүү принцибине негизделип, кабыл алынат жана БУУнун бардык мүчөлөрү аны аткарууга милдеттүү. Э к о н о м и к а л ы к жана с о ц и а л д ы к к е ӊ е ш – БУУнун негизги органдарынын бири. Ал эл аралык экономикалык жана социалдык кызматташтыкты өнүктүрүүгө зарыл шарттарды түзүү милдетин аркалайт. БУУнун Башкы Ассамблеясына сунуштарды киргизет, конвенциялардын долбоорлорун даярдайт, анын атайын мекемелеринин иш-аракеттерин координациялайт. К а м к о р д у к к ө р с ө т ү ү к е ӊ е ш и – БУУнун эл аралык деӊгээлде камкордук көрсөтүү иш-чараларын жүзөгө ашыруучу негизги органдарынын бири. Ал эл аралык тынчтыкты бекемдөөгө, камкордукка алынган аймактагы калктын саясий, экономикалык жана социалдык прогрессине көмөк көрсөтөт. Э л а р а л ы к с о т – БУУнун жогорку сот органы; 1945-жылы уюшулган, мамлекеттер аралык чыр-чатак маселелерин чечүүчү жана укук маселелери боюнча бүтүмдөрдү чыгаруучу эӊ башкы эл аралык уюм. Анын курамы БУУнун Башкы Ассамблеясы жана Коопсуздук кеӊеши тарабынан шайланган 15 судьядан түзүлөт. Алар Башкы Ассамблея тарабынан 9 жылга шайланат. БУУнун уставынын ажырагыс бөлүгү болгон Статуттун негизинде иш жүргүзөт. С е к р е т а р и а т – БУУнун туруктуу жана негизги органдарынын бири. Секретариат БУУнун Генералдык секретары (5 жылда бир шайланат) жана ал тарабынан дайындалган кызматкерлерден турат. Анын негизги милдети – БУУнун органдарын, комитет жана конференцияларын административдик-техникалык жактан тейлөө. Секретариат Нью-Йоркто. БУУнун Генералдык секретарлары: Ли (1946–52), Хаммаршельд (1953–61), У Тан (1961–71), Вальдхайм (1972–81), Перес де Куэльяр (1982–91), Бутроас-Гали (1992–96), Коффи Аннан (1997–2006), 2006-жылдан Пан Ги Мун. БУУнун курамында өз алдынча, атайын адистешкен мекемелер да иш жүргүзүшөт. Мис., БУУнун өнүктүрүү программасы (ПРООН), Качкындардын иши боюнча Жогорку Комиссариат, Саламаттыкты сактоонун бүткүл дүйнөлүк уюму, Дүйнөлүк банк, Балдар фонду (ЮНИСЕФ), Эл аралык эмгек уюму, Эл аралык валюта фонду, билим, илим жана маданият уюму (ЮНЕСКО), Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО). БУУнун штаб-квартирасы Нью-Йоркто. Расмий тили катары англис, испан, кытай, орус, француз тилдери, ал эми Башкы Ассамблеяда, Коопсуздук кеӊешинде, Экономикалык жана Социалдык кеӊеште расмий
<br/>
 
[[File:БИРИККЕН УЛУТТАР УЮМУ (БУУ)8.png | thumb | <center>БУУнун Нью-Йорктогу штаб-квартирасы.</center>]]
<br />[[File:БИРИККЕН УЛУТТАР УЮМУ (БУУ)9.png | thumb | <center>БУУнун Кыргызстандагы штаб-квартирасы.</center>]]тил катары араб тили да эсептелет. Учурда БУУга 196 мамлекет мүчө (2004). Кыргызстанн БУУга 1992-жылдын 2-мартында кабыл алынган. Мүчө болуп кирүү менен Кыргызстанга эл аралык турмуштун процесстерине жигердүү катышууга, социалдык-экономикалык, маданий ж. б. маселелерди алга жылдырууга бир топ мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Кыргызстандын делегациясы БУУнун Башкы ассамблеясынын сессияларына жыл сайын катышып келүүдө. Жогоруда аталган БУУнун адистешкен уюмдарынын жардамы менен Кыргызстандын социалдык-экономикалык, маданий өнүгүшүнө көмөк берген долбоорлор жана программалар иштелип чыгып, жүзөгө ашырылган.
5 туруктуу (Кытай, Франция, Россия, Улуу Британия ж-а АКШ) ж-а 10 убактылуу (алар БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2 жылда бир шайланып турат) мүчөсү бар. Коопсуздук кеӊешинин чечимдери жалпы добуш берүү принцибине негизделип, кабыл алынат ж-а БУУнун бардык мүчөлөрү аны аткарууга милдеттүү. Э к о н о м и к а л ы к ж-а с о ц и а л д ы к к е ӊ е ш – БУУнун негизги органдарынын бири. Ал эл аралык экон. ж-а социалдык кызматташтыкты өнүктүрүүгө зарыл шарттарды түзүү милдетин аркалайт. БУУнун Башкы Ассамблеясына сунуштарды киргизет, конвенциялардын долбоорлорун даярдайт, анын атайын мекемелеринин иш-аракеттерин координациялайт. К а м к о р д у к к ө р с ө т ү ү к е ӊ е ш и – БУУнун эл аралык деӊгээлде камкордук көрсөтүү иш-чараларын жүзөгө ашыруучу негизги органдарынын бири. Ал эл аралык тынчтыкты бекемдөөгө, камкордукка алынган аймактагы калктын саясий, экон. ж-а социалдык прогрессине көмөк көрсөтөт. Э л а р а л ы к с о т – БУУнун жогорку сот органы; 1945-ж. уюшулган, мамлекеттер аралык чыр-чатак маселелерин чечүүчү ж-а укук маселелери б-ча бүтүмдөрдү чыгаруучу эӊ башкы эл аралык уюм. Анын курамы БУУнун Башкы Ассамблеясы ж-а Коопсуздук кеӊеши тарабынан шайланган 15 судьядан түзүлөт. Алар Башкы Ассамблея тарабынан 9 жылга шайланат. БУУнун уставынын ажырагыс бөлүгү болгон Статуттун негизинде иш жүргүзөт. С е к р е т а р и а т – БУУнун туруктуу ж-а негизги органдарынын бири. Секретариат БУУнун Генералдык секретары (5 жылда бир шайланат) ж-а ал тарабынан дайындалган кызматкерлерден турат. Анын негизги милдети – БУУнун органдарын, к-т ж-а конф-яларын адм.-тех. жактан тейлөө. Секретариат Нью-Йоркто. БУУнун Генералдык секретарлары: Ли (1946–52), Хаммаршельд (1953–61), У Тан (1961–71), Вальдхайм (1972–81), Перес де Куэльяр (1982–91), Бутроас-Гали (1992–96), Коффи Аннан (1997–2006), 2006-жылдан Пан Ги Мун. БУУнун курамында өз алдынча, атайын адистешкен мекемелер да иш жүргүзүшөт. Мис., БУУнун өнүктүрүү программасы (ПРООН), Качкындардын иши б-ча Жогорку Комиссариат, Саламаттыкты сактоонун бүткүл дүйнөлүк уюму, Дүйнөлүк банк, Балдар фонду (ЮНИСЕФ), Эл аралык эмгек уюму, Эл аралык валюта фонду, билим, илим ж-а маданият уюму (ЮНЕСКО), Азык-түлүк ж-а айыл чарба уюму (ФАО). БУУнун штаб-квартирасы Нью-Йоркто. Расмий тили катары англис, испан, кытай, орус, француз тилдери, ал эми Башкы Ассамблеяда, Коопсуздук кеӊешинде, Экон. ж-а Социалдык кеӊеште расмий
<br/>
[[File:БИРИККЕН УЛУТТАР УЮМУ (БУУ)9.png | thumb | <center>БУУнун Кыргызстандагы штаб-квартирасы.</center>]]
тил катары араб тили да эсептелет. Учурда БУУга 196 мамлекет мүчө (2004). Кырг-н БУУга 1992-жылдын 2-мартында кабыл алынган. Мүчө болуп кирүү м-н Кырг-нга эл аралык турмуштун процесстерине жигердүү катышууга, социалдык-экон. маданий ж. б. маселелерди алга жылдырууга бир топ мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Кырг-ндын делегациясы БУУнун Башкы ассамблеясынын сессияларына жыл сайын катышып келүүдө. Жогоруда аталган БУУнун адистешкен уюмдарынын жардамы м-н Кырг-ндын социалдык-экон., маданий өнүгүшүнө көмөк берген долбоорлор ж-а программалар иштелип чыгып, жүзөгө ашырылган.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

03:16, 19 Апрель (Чын куран) 2024 -деги абалы

БИРИККЕН УЛУТТАР УЮМУ (БУУ) – тынчтык жана коопсуздукту сактоо, өлкөлөр аралык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында түзүлгөн эл аралык уюм. СССР, АКШ, Улуу Британия мамлекеттеринин өкүлдөрүнүн катышуусу менен 1944-жылы август – октябрь айларында өткөн Думбартон-Окс конференциясында (АКШ) анын уставынын алгачкы жоболору иштелип чыгып, Крым конференциясында (1945) макулдашылып, 1945-жылы 26-июнда 51 мамлекеттин өкүлдөрү катышкан Сан-Франциско конференциясында талкууланган. 1945-жылы 24-октябрда устав кабыл алынып, бул күн жыл сайын БУУнун түзүлгөн күнү катары белгиленет. БУУнун башкы органдары: Башкы Ассамблея, Коопсуздук кеӊеши, Экономикалык ж-а Социалдык кеӊеш, Камкордук көрсөтүү кеӊеши, Эл аралык Сот жана Секретариат. Б а ш к ы А с с а м б л е я – БУУнун жогорку органы. Анда БУУнун бардык мүчө-мамлекеттеринин бештен көп эмес өкүлдөрү иш жүргүзөт. Ассамблея БУУнун

уставынын чегинде маселелерди чечет жана мүчө-мамлекеттерге, ошондой эле БУУнун Коопсуздук комитетине сунуш бере алат. 7 негизги комитети – саясий жана коопсуздук, куралсыздандыруу жана эл аралык коопсуздук, экономикалык жана финансы ж. б. иштери б-ча; 2 туруктуу комитетити – административдик, бюджет маселелери б-ча кеӊеш берүүчү жана акы төлөө боюнча комитеттер. Булардан тышкары атайын түзүлгөн комитеттер жана комиссиялар (мисалы, космос мейкиндигин тынчтыкта пайдалануу комитети, Эл аралык укук комиссиясы ж. б.) бар. БУУнун Башкы Ассамблеясынын автономиялык эл аралык уюмдардын укугуна ээ өзгөчө органдары да иш жүргүзөт, мисалы, Атом энергиясы боюнча эл аралык агентчилиги. Ассамблеянын кезектеги сессиясы жыл сайын, кезексиз же атайын сессиясы шартка жараша зарыл учурда чакырылат. К о о п с у з д у к к е ӊ е ш и – БУУнун негизги ж-а туруктуу иштөөчү органдарынын бири. БУУнун уставы боюнча эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо милдети жүктөлгөн. Кеӊештин

БУУнун Нью-Йорктогу штаб-квартирасы.

5 туруктуу (Кытай, Франция, Россия, Улуу Британия ж-а АКШ) жана 10 убактылуу (алар БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2 жылда бир шайланып турат) мүчөсү бар. Коопсуздук кеӊешинин чечимдери жалпы добуш берүү принцибине негизделип, кабыл алынат жана БУУнун бардык мүчөлөрү аны аткарууга милдеттүү. Э к о н о м и к а л ы к жана с о ц и а л д ы к к е ӊ е ш – БУУнун негизги органдарынын бири. Ал эл аралык экономикалык жана социалдык кызматташтыкты өнүктүрүүгө зарыл шарттарды түзүү милдетин аркалайт. БУУнун Башкы Ассамблеясына сунуштарды киргизет, конвенциялардын долбоорлорун даярдайт, анын атайын мекемелеринин иш-аракеттерин координациялайт. К а м к о р д у к к ө р с ө т ү ү к е ӊ е ш и – БУУнун эл аралык деӊгээлде камкордук көрсөтүү иш-чараларын жүзөгө ашыруучу негизги органдарынын бири. Ал эл аралык тынчтыкты бекемдөөгө, камкордукка алынган аймактагы калктын саясий, экономикалык жана социалдык прогрессине көмөк көрсөтөт. Э л а р а л ы к с о т – БУУнун жогорку сот органы; 1945-жылы уюшулган, мамлекеттер аралык чыр-чатак маселелерин чечүүчү жана укук маселелери боюнча бүтүмдөрдү чыгаруучу эӊ башкы эл аралык уюм. Анын курамы БУУнун Башкы Ассамблеясы жана Коопсуздук кеӊеши тарабынан шайланган 15 судьядан түзүлөт. Алар Башкы Ассамблея тарабынан 9 жылга шайланат. БУУнун уставынын ажырагыс бөлүгү болгон Статуттун негизинде иш жүргүзөт. С е к р е т а р и а т – БУУнун туруктуу жана негизги органдарынын бири. Секретариат БУУнун Генералдык секретары (5 жылда бир шайланат) жана ал тарабынан дайындалган кызматкерлерден турат. Анын негизги милдети – БУУнун органдарын, комитет жана конференцияларын административдик-техникалык жактан тейлөө. Секретариат Нью-Йоркто. БУУнун Генералдык секретарлары: Ли (1946–52), Хаммаршельд (1953–61), У Тан (1961–71), Вальдхайм (1972–81), Перес де Куэльяр (1982–91), Бутроас-Гали (1992–96), Коффи Аннан (1997–2006), 2006-жылдан Пан Ги Мун. БУУнун курамында өз алдынча, атайын адистешкен мекемелер да иш жүргүзүшөт. Мис., БУУнун өнүктүрүү программасы (ПРООН), Качкындардын иши боюнча Жогорку Комиссариат, Саламаттыкты сактоонун бүткүл дүйнөлүк уюму, Дүйнөлүк банк, Балдар фонду (ЮНИСЕФ), Эл аралык эмгек уюму, Эл аралык валюта фонду, билим, илим жана маданият уюму (ЮНЕСКО), Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО). БУУнун штаб-квартирасы Нью-Йоркто. Расмий тили катары англис, испан, кытай, орус, француз тилдери, ал эми Башкы Ассамблеяда, Коопсуздук кеӊешинде, Экономикалык жана Социалдык кеӊеште расмий

БУУнун Кыргызстандагы штаб-квартирасы.

тил катары араб тили да эсептелет. Учурда БУУга 196 мамлекет мүчө (2004). Кыргызстанн БУУга 1992-жылдын 2-мартында кабыл алынган. Мүчө болуп кирүү менен Кыргызстанга эл аралык турмуштун процесстерине жигердүү катышууга, социалдык-экономикалык, маданий ж. б. маселелерди алга жылдырууга бир топ мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Кыргызстандын делегациясы БУУнун Башкы ассамблеясынын сессияларына жыл сайын катышып келүүдө. Жогоруда аталган БУУнун адистешкен уюмдарынын жардамы менен Кыргызстандын социалдык-экономикалык, маданий өнүгүшүнө көмөк берген долбоорлор жана программалар иштелип чыгып, жүзөгө ашырылган.