БИРИККЕН УЛУТТАР УЮМУ (БУУ): нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:52, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БИРИККЕН УЛУТТАР УЮМУ (БУУ) – тынчтык ж-а коопсуздукту сактоо, өлкөлөр аралык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында түзүлгөн эл аралык уюм. СССР, АКШ, Улуу Британия мамлекеттеринин өкүлдөрүнүн катышуусу м-н 1944-ж. август – октябрь айларында өткөн Думбартон-Окс конференциясында (АКШ) анын уставынын алгачкы жоболору иштелип чыгып, Крым конференциясында (1945) макулдашылып, 1945-ж. 26-июнда 51 мамлекеттин өкүлдөрү катышкан Сан-Франциско конф-ясында талкууланган. 1945-ж. 24-октябрда устав кабыл алынып, бул күн жыл сайын БУУнун түзүлгөн күнү катары белгиленет. БУУнун башкы органдары: Башкы Ассамблея, Коопсуздук кеӊеши, Экон. ж-а Социалдык кеӊеш, Камкордук көрсөтүү кеӊеши, Эл аралык Сот ж-а Секретариат. Б а ш к ы А с с а м б л е я – БУУнун жогорку органы. Анда БУУнун бардык мүчө-мамлекеттеринин бештен көп эмес өкүлдөрү иш жүргүзөт. Ассамблея БУУнун

уставынын чегинде маселелерди чечет ж-а мүчө-мамлекеттерге, о. эле БУУнун Коопсуздук к-тине сунуш бере алат. 7 негизги к-ти – саясий ж-а коопсуздук, куралсыздандыруу ж-а эл аралык коопсуздук, экон. ж-а финансы ж. б. иштери б-ча; 2 туруктуу к-ти – адм., бюджет маселелери б-ча кеӊеш берүүчү ж-а акы төлөө б-ча к-ттер. Булардан тышкары атайын түзүлгөн к-ттер ж-а комиссиялар (мис., космос мейкиндигин тынчтыкта пайдалануу к-ти, Эл аралык укук комиссиясы ж. б.) бар. БУУнун Башкы Ассамблеясынын автономиялык эл аралык уюмдардын укугуна ээ өзгөчө органдары да иш жүргүзөт, мис., Атом энергиясы б-ча эл аралык агентчилиги. Ассамблеянын кезектеги сессиясы жыл сайын, кезексиз же атайын сессиясы шартка жараша зарыл учурда чакырылат. К о о п с у з д у к к е ӊ е ш и – БУУнун негизги ж-а туруктуу иштөөчү органдарынын бири. БУУнун уставы б-ча эл аралык тынчтыкты ж-а коопсуздукту сактоо милдети жүктөлгөн. Кеӊештин


БУУнун Нью-Йорктогу штаб-квартирасы.
5 туруктуу (Кытай, Франция, Россия, Улуу Британия ж-а АКШ) ж-а 10 убактылуу (алар БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2 жылда бир шайланып турат) мүчөсү бар. Коопсуздук кеӊешинин чечимдери жалпы добуш берүү принцибине негизделип, кабыл алынат ж-а БУУнун бардык мүчөлөрү аны аткарууга милдеттүү. Э к о н о м и к а л ы к ж-а с о ц и а л д ы к к е ӊ е ш – БУУнун негизги органдарынын бири. Ал эл аралык экон. ж-а социалдык кызматташтыкты өнүктүрүүгө зарыл шарттарды түзүү милдетин аркалайт. БУУнун Башкы Ассамблеясына сунуштарды киргизет, конвенциялардын долбоорлорун даярдайт, анын атайын мекемелеринин иш-аракеттерин координациялайт. К а м к о р д у к к ө р с ө т ү ү к е ӊ е ш и – БУУнун эл аралык деӊгээлде камкордук көрсөтүү иш-чараларын жүзөгө ашыруучу негизги органдарынын бири. Ал эл аралык тынчтыкты бекемдөөгө, камкордукка алынган аймактагы калктын саясий, экон. ж-а социалдык прогрессине көмөк көрсөтөт. Э л а р а л ы к с о т – БУУнун жогорку сот органы; 1945-ж. уюшулган, мамлекеттер аралык чыр-чатак маселелерин чечүүчү ж-а укук маселелери б-ча бүтүмдөрдү чыгаруучу эӊ башкы эл аралык уюм. Анын курамы БУУнун Башкы Ассамблеясы ж-а Коопсуздук кеӊеши тарабынан шайланган 15 судьядан түзүлөт. Алар Башкы Ассамблея тарабынан 9 жылга шайланат. БУУнун уставынын ажырагыс бөлүгү болгон Статуттун негизинде иш жүргүзөт. С е к р е т а р и а т – БУУнун туруктуу ж-а негизги органдарынын бири. Секретариат БУУнун Генералдык секретары (5 жылда бир шайланат) ж-а ал тарабынан дайындалган кызматкерлерден турат. Анын негизги милдети – БУУнун органдарын, к-т ж-а конф-яларын адм.-тех. жактан тейлөө. Секретариат Нью-Йоркто. БУУнун Генералдык секретарлары: Ли (1946–52), Хаммаршельд (1953–61), У Тан (1961–71), Вальдхайм (1972–81), Перес де Куэльяр (1982–91), Бутроас-Гали (1992–96), Коффи Аннан (1997–2006), 2006-жылдан Пан Ги Мун. БУУнун курамында өз алдынча, атайын адистешкен мекемелер да иш жүргүзүшөт. Мис., БУУнун өнүктүрүү программасы (ПРООН), Качкындардын иши б-ча Жогорку Комиссариат, Саламаттыкты сактоонун бүткүл дүйнөлүк уюму, Дүйнөлүк банк, Балдар фонду (ЮНИСЕФ), Эл аралык эмгек уюму, Эл аралык валюта фонду, билим, илим ж-а маданият уюму (ЮНЕСКО), Азык-түлүк ж-а айыл чарба уюму (ФАО). БУУнун штаб-квартирасы Нью-Йоркто. Расмий тили катары англис, испан, кытай, орус, француз тилдери, ал эми Башкы Ассамблеяда, Коопсуздук кеӊешинде, Экон. ж-а Социалдык кеӊеште расмий


БУУнун Кыргызстандагы штаб-квартирасы.
тил катары араб тили да эсептелет. Учурда БУУга 196 мамлекет мүчө (2004). Кырг-н БУУга 1992-жылдын 2-мартында кабыл алынган. Мүчө болуп кирүү м-н Кырг-нга эл аралык турмуштун процесстерине жигердүү катышууга, социалдык-экон. маданий ж. б. маселелерди алга жылдырууга бир топ мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Кырг-ндын делегациясы БУУнун Башкы ассамблеясынын сессияларына жыл сайын катышып келүүдө. Жогоруда аталган БУУнун адистешкен уюмдарынын жардамы м-н Кырг-ндын социалдык-экон., маданий өнүгүшүнө көмөк берген долбоорлор ж-а программалар иштелип чыгып, жүзөгө ашырылган.