БИР КАЗАН СЫМАЛДАР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:52, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БИР КАЗАН СЫМАЛДАР, к а л а к б у т т у у л а р (Pelеcaniformes) – сууда сүзүүчү куштар түркүмү. Бардык калак буттууларга 4 манжасын бириктирүүчү жаргакча мүнөздүү. Алкым баштыкчасы болот. Жүнү калыӊ, нык, көп түрүнүн үйүрдүк көркү бар. Алардын 6 тукуму, 55 түрү белгилүү, КМШ өлкөлөрүндө 8 уялоочу, 3 келгин түрү кездешет. Деӊиз ж-а көлмө жээктерине байырлоочу колониялуу куштар. Моногамдар, жумурткасын ургаачысы ж-а эркеги алмак-салмак басып чыгарып, балапандарын багып өстүрүшөт. Негизги азыгы – балыктар ж. б. суу жаныбарлары. ТКЭСтин Кызыл китебине 5 түрү ж-а 1 түрчөсү киргизилген.