БИРМИНГЕМ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БИ́РМИНГЕМ ''' – Улуу Британиядагы шаар ( | '''БИ́РМИНГЕМ ''' – Улуу Британиядагы шаар (административдик округ), Уэст-Мидлендс метрополитен графтыгынын административдик борбору. Калкы 1,2 млн (2019). Өлкөдө элинин саны боюнча 2-орунда (Лондондон кийин). Тегерегиндеги «Каралар өлкөсү» деп аталган шаар менен кошо өнөр жайлуу Уэст-Мидлендс конурбациясын түзөт. Өлкөдөгү оор өнөр жайынын башкы борборлорунун бири. Автомобиль, самолёт куруу, электр-техникалык, станок куруу, металл иштетүү, түстүү металлургия, резина өнөр жайы өнүккөн. Шаарга жакын көмүр бассейни жайгашкан; университет бар. Готика стилиндеги чиркөө (13-кылым), классицизм стилиндеги собор жана ратуша (18–19-кылымдар) сакталган. Б. з. 1-кылымында негизделген. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
09:10, 19 Апрель (Чын куран) 2024 -деги абалы
БИ́РМИНГЕМ – Улуу Британиядагы шаар (административдик округ), Уэст-Мидлендс метрополитен графтыгынын административдик борбору. Калкы 1,2 млн (2019). Өлкөдө элинин саны боюнча 2-орунда (Лондондон кийин). Тегерегиндеги «Каралар өлкөсү» деп аталган шаар менен кошо өнөр жайлуу Уэст-Мидлендс конурбациясын түзөт. Өлкөдөгү оор өнөр жайынын башкы борборлорунун бири. Автомобиль, самолёт куруу, электр-техникалык, станок куруу, металл иштетүү, түстүү металлургия, резина өнөр жайы өнүккөн. Шаарга жакын көмүр бассейни жайгашкан; университет бар. Готика стилиндеги чиркөө (13-кылым), классицизм стилиндеги собор жана ратуша (18–19-кылымдар) сакталган. Б. з. 1-кылымында негизделген.