ВАЛЬПУРГИЯ ТҮНҮ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol2_>KadyrM
No edit summary
1 сап: 1 сап:
'''ВАЛЬПУ́РГИЯ ТҮНҮ''' (1-майга караган түн) – о. кылымдардагы герман урууларынын мифологиясы. Немецтердин ырым-жырым түшүнүгү б-ча 30-апрелден 1-майга караган түнү ар тараптан жезкемпирлер Германиянын Броккен тоосундагы жексур Ибилиске жабырап учуп келишип, «жиндердин зор зоок оюнун» өткөрүшүп, жаздын келишине көптөгөн тоскоолдуктарды жасоого, адамдардын ден соолугун бузууга, малдарды зыянга учуратууга аябай далбас урушат имиш. Ошондуктан В. т-нүн алдында айылдарда желмогуз-жез кемпирлердин магиясынын залалдуу кудуретин жоготуу үчүн бардык жерге алоолонгон оттор жагылып, коӊгуроолор заӊгырата кагылып, колдоруна жалбырттап күйгөн чоӊ көсөөлөрдү көтөрүп чыккан калктын жүрүш жасоосу сыяктуу магиялык жөрөлгөлөр өткөрүлгөн. В. т-нү католиктер олуясы Вальпургияны эскерүү күнүнө дал келгендиктен, анын ысмы м-н аталып калган. В. т. адабий, муз. чыгармалардын кеӊири таралган сюжети болуп келет (И. В. Гётенин «Фауст», Ш. Гунонун аты окшош операсы, Г. Гейненин «Жол сүрөттөрү» ж. б.).  
'''ВАЛЬПУ́РГИЯ ТҮНҮ ''' (1-майга караган түн) – о. кылымдардагы герман урууларынын мифологиясы. Немецтердин ырым-жырым түшүнүгү б-ча 30-апрелден 1-майга караган түнү ар тараптан жезкемпирлер Германиянын Броккен тоосундагы жексур Ибилиске жабырап учуп келишип, «жиндердин зор зоок оюнун» өткөрүшүп, жаздын келишине көптөгөн тоскоолдуктарды жасоого, адамдардын ден соолугун бузууга, малдарды зыянга учуратууга аябай далбас урушат имиш. Ошондуктан В. т-нүн алдында айылдарда желмогуз-жез кемпирлердин магиясынын залалдуу кудуретин жоготуу үчүн бардык жерге алоолонгон оттор жагылып, коӊгуроолор заӊгырата кагылып, колдоруна жалбырттап күйгөн чоӊ көсөөлөрдү көтөрүп чыккан калктын жүрүш жасоосу сыяктуу магиялык жөрөлгөлөр өткөрүлгөн. В. т-нү католиктер олуясы Вальпургияны эскерүү күнүнө дал келгендиктен, анын ысмы м-н аталып калган. В. т. адабий, муз. чыгармалардын кеӊири таралган сюжети болуп келет (И. В. Гётенин «Фауст», Ш. Гунонун аты окшош операсы, Г. Гейненин «Жол сүрөттөрү» ж. б.).  
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]



02:40, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ВАЛЬПУ́РГИЯ ТҮНҮ (1-майга караган түн) – о. кылымдардагы герман урууларынын мифологиясы. Немецтердин ырым-жырым түшүнүгү б-ча 30-апрелден 1-майга караган түнү ар тараптан жезкемпирлер Германиянын Броккен тоосундагы жексур Ибилиске жабырап учуп келишип, «жиндердин зор зоок оюнун» өткөрүшүп, жаздын келишине көптөгөн тоскоолдуктарды жасоого, адамдардын ден соолугун бузууга, малдарды зыянга учуратууга аябай далбас урушат имиш. Ошондуктан В. т-нүн алдында айылдарда желмогуз-жез кемпирлердин магиясынын залалдуу кудуретин жоготуу үчүн бардык жерге алоолонгон оттор жагылып, коӊгуроолор заӊгырата кагылып, колдоруна жалбырттап күйгөн чоӊ көсөөлөрдү көтөрүп чыккан калктын жүрүш жасоосу сыяктуу магиялык жөрөлгөлөр өткөрүлгөн. В. т-нү католиктер олуясы Вальпургияны эскерүү күнүнө дал келгендиктен, анын ысмы м-н аталып калган. В. т. адабий, муз. чыгармалардын кеӊири таралган сюжети болуп келет (И. В. Гётенин «Фауст», Ш. Гунонун аты окшош операсы, Г. Гейненин «Жол сүрөттөрү» ж. б.).