«БИТЕЛ»: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
11:52, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
«БИТЕ́Л» ( англ. BITEL) – мобилдик байланыш кызматын көрсөтүүчү компания. 1997-ж. түзүлгөн. Мобилдик байланышка акысыз чыгуучу MOBICARD соода маркасын киргизген. Ошондон баштап мобилдик байланыш

кызматы мурдагыдан да жеткиликтүү болуп, аны андан да өркүндөтүүнүн үстүндө иштеп жатат. «Б-дин» абоненттеринин саны дїйнє б-ча 80 млндон ашык (2019). «Б.» алгач түзүлгөндөн баштап GSM(MOU) операторлорунун эл аралык ассоциациясына кирген. Кийинчерээк КРдин байланыш операторлор ассоциациясынын бирден-бир активдүү мүчөсү. Роумингдик кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүүдө. «Б.» алгачкы роумингдик макулдашууну «Билайн» (Россия) байланыш тармагы м-н, андан кийин Swisscom Mobile (Швейцария) компаниясы м-н түзгөн. Азыркы күндө «Б-дин» абоненттери дүйнө жүзүндөгү 120дан ашык мамлекет м-н байланыша алат. «Б.» компаниясы КРдин бүт облустарынын жашоочуларынын 90%ин бир бүтүнгө бириктирген мобилдүү байланыш оператору болуп саналат. Ал ыӊгайлуу тейлөөгө өзгөчө көӊүл бурат, б. а. компаниянын абоненттери 300дөн ашык борб. сатуу, тейлөө кызматынын комплексин, акысыз автоматташтырылган маалымат – сурап-билүү кызматын, атайын корпоративдик программа ж-а жеке башкаруучу кызмат көрсөтөт.
У. Н. Бримкулов.