БИЧУРИН: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:52, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БИЧУ́РИН Никита Яковлевич, И а к и н ф [29.8(9.9.)1777–11(23).5.1853 Cанкт-Петербург) – орустун чыгыш таануучусу, православ миссионери, Петербург ИАнын корр. мүчөсү (1828), Париждеги Азия коомунун мүчөсү (1831). Улуту чуваш. 1799-ж. Казандагы диний академияны бүтүргөн. 1802-ж. кечилдикти кабыл алган. 1807-жылдан Пекинде 14 жыл христиан дин миссиясына башчы болуп, кытай тилин үйрөнгөн. Кечилдердин үгүт-насыят

иштерине көӊүл кош мамилеси үчүн 1823-ж. Ваалам кечилканасына камалган. 1826-ж. бошотулуп, Россиянын тышкы иштер министрлигинин Азия департаментинде тилмеч болуп иштеген. Анын кытай тилиндеги даректерди орусчага которуп жазган эмгектериндеги байыркы ж-а о. кылымдардагы кыргыздар (ге-гунь, гянь-гунь, хя-гя-сы, ки-ли-ки-цзы, бу-лу-ти сыяктуу иероглифтер м-н берилген) ж-а аларга коӊшу хунн, динлин, түрк, уйгур, карлук, түргөш ж. б. түрк тилдүү элдер, монголдор ж-дөгү маалыматтары О. Азиянын ж-а Борб. Азиянын тарыхы үчүн өтө баалуу. Кытай тарыхына, мад-тына ж-а философиясына арналган эмгектери да бар. Эмг.: Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. Т. 1–3, М.; Л., 1950–53. Т. Асанов.