БИШКЕК ЖЫЛУУЛУК ЭЛЕКТР БОРБОРУ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:52, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БИШКЕК ЖЫЛУУЛУК ЭЛЕ́КТР БОРБОРУ (БЖЭБ) – «Электр станциялары» ААКдын филиалы; Кырг-ндын негизги жылуулук электр станциясы; Бишкек ш. үчүн электр, ысык суу ж-а буу өндүрүүчү башкы ишкана. Анын курулушу 1958-ж. башталган. Биринчи агрегаты 1961-ж. 14-сентябрда ишке киргизилген. Негизги отуну – таш көмүр. 2004-ж. Борбордун аныкталган электрдик кубаттуулугу 678 миӊ кВт, жылуулук кубаттуулугу – 2022,4 Гкал/с болгон. Ага 11 агрегат, 24 буу казаны орнотулган (2006). Буу казандарынын жалпы өндүрүмдүүлүгү саатына 4250 т, буу казандарындагы басым 100 атм., темп-расы 540°С. Отун катары жаратылыш газы, көмүр, мазут колдонулат.

Бишкек жылуулук электр борбору.