БИШКЕК САММИТИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
1 сап: 1 сап:
'''БИШКЕК САММИТИ ''' – Кыргыз Республикасынын борбору Бишкек ш-нда 2007-ж. 16-августта Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекет башчыларынын: Казакстан Респ-нын Президенти Н. Назарбаевдин, Кытай Эл Респ-нын төрагасы Ху Цзиньтаонун, КРдин Президенти К. Бакиевдин, РФтин Президенти В. Путиндин, Тажикстан Респ-нын Президенти Э. Рахмондун, Өзбекстан Респ-нын Президенти И. Каримовдун катышуусу м-н өткөн жетинчи жыйын (саммит). Алты өлкөнүн мамлекет башчылары ж-а өкмөттүк жетекчилер: Афганистандын Президенти Х. Карзай, Индиянын нефть ж-а жаратылыш газ министри М. Деор, Иран Ислам Респ-нын Президенти М. Ахмединежад, Монголиянын Президенти Н. Энхбаяр, Пакистандын тышкы иштер министри Х. Касури, Түркмөнстандын Президенти Г. М. Бердымухаммедов эл аралык байкоочулар катары катышты. Бул саясий форум дүйнөлүк коомчулуктун активдүү кызыгуусун туудурду. 12 өлкөнүн башчылары ж-а жетекчилери катышкан бул эл аралык ири жыйын ар тараптуу жолугушуулардын, сүйлөшүүлөрдүн ж-а кызыкдар болгон маселелер б-ча активдүү пикир алышуулардын аренасы болду. Бул саммитте ШКУ мүчөлөрү эл аралык маанидеги документти — ''Бишкек декларациясын'' кабыл алышты.  
'''БИШКЕК САММИТИ ''' – Кыргыз Республикасынын борбору Бишкек шаарында 2007-жылы 16-августта Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекет башчыларынын: Казакстан Республикасынын Президенти Н. Назарбаевдин, Кытай Эл Республикасынын төрагасы Ху Цзиньтаонун, КРдин Президенти К. Бакиевдин, РФтин Президенти В. Путиндин, Тажикстан Республикасынын Президенти Э. Рахмондун, Өзбекстан Республикасынын Президенти И. Каримовдун катышуусу менен өткөн жетинчи жыйын (саммит). Алты өлкөнүн мамлекет башчылары жана өкмөттүк жетекчилер: Афганистандын Президенти Х. Карзай, Индиянын нефть жана жаратылыш газ министри М. Деор, Иран Ислам Респликасынын Президенти М. Ахмединежад, Монголиянын Президенти Н. Энхбаяр, Пакистандын тышкы иштер министри Х. Касури, Түркмөнстандын Президенти Г. М. Бердымухаммедов эл аралык байкоочулар катары катышты. Бул саясий форум дүйнөлүк коомчулуктун активдүү кызыгуусун туудурду. 12 өлкөнүн башчылары жана жетекчилери катышкан бул эл аралык ири жыйын ар тараптуу жолугушуулардын, сүйлөшүүлөрдүн жана кызыкдар болгон маселелер боюнча активдүү пикир алышуулардын аренасы болду. Бул саммитте ШКУ мүчөлөрү эл аралык маанидеги документти — ''Бишкек декларациясын'' кабыл алышты.  
<br/>
 
 
[[File:БИШКЕК САММИТИ30.png | thumb | <center>Бишкек саммитинин катышуучулары.</center>]]
[[File:БИШКЕК САММИТИ30.png | thumb | <center>Бишкек саммитинин катышуучулары.</center>]]
«'''БИШКЕКСҮТ'''» – ачык акционердик коом (2000). 1992-ж. Фрунзе сүт комбинатынын базасында уюшулган. Кырг-нда сүт өндүрүү ж-а сүт азыктарын кайра иштетүү б-ча ири ишкана 1991-ж. ишке киргизилген. Суткасына 200 т сүт иштетүү мүмкүнчүлүгү бар. 2000-ж. «Вимм-Билль-ДанПродукты питания» Россия компаниясы акцияларынын контролдук пакетин сатып алган. 2002-ж. з-дун бир цехинде стерилденген сүт өндүрүү линиясы орнотулган. Анда саатына 8 т стерилденген сүт чыгарылат. Заводдун продукциялары башка өлкөлөргө (Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан) экспорттолот.
«'''БИШКЕКСҮТ'''» – ачык акционердик коом (2000). 1992-жылы Фрунзе сүт комбинатынын базасында уюшулган. Кыргызстанда сүт өндүрүү жана сүт азыктарын кайра иштетүү боюнча ири ишкана 1991-жылы ишке киргизилген. Суткасына 200 т сүт иштетүү мүмкүнчүлүгү бар. 2000-жылы «Вимм-Билль-ДанПродукты питания» Россия компаниясы акцияларынын контролдук пакетин сатып алган. 2002-жылы заводдун бир цехинде стерилденген сүт өндүрүү линиясы орнотулган. Анда саатына 8 т стерилденген сүт чыгарылат. Заводдун продукциялары башка өлкөлөргө (Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан) экспорттолот.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

03:30, 23 Апрель (Чын куран) 2024 -деги абалы

БИШКЕК САММИТИ – Кыргыз Республикасынын борбору Бишкек шаарында 2007-жылы 16-августта Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекет башчыларынын: Казакстан Республикасынын Президенти Н. Назарбаевдин, Кытай Эл Республикасынын төрагасы Ху Цзиньтаонун, КРдин Президенти К. Бакиевдин, РФтин Президенти В. Путиндин, Тажикстан Республикасынын Президенти Э. Рахмондун, Өзбекстан Республикасынын Президенти И. Каримовдун катышуусу менен өткөн жетинчи жыйын (саммит). Алты өлкөнүн мамлекет башчылары жана өкмөттүк жетекчилер: Афганистандын Президенти Х. Карзай, Индиянын нефть жана жаратылыш газ министри М. Деор, Иран Ислам Респликасынын Президенти М. Ахмединежад, Монголиянын Президенти Н. Энхбаяр, Пакистандын тышкы иштер министри Х. Касури, Түркмөнстандын Президенти Г. М. Бердымухаммедов эл аралык байкоочулар катары катышты. Бул саясий форум дүйнөлүк коомчулуктун активдүү кызыгуусун туудурду. 12 өлкөнүн башчылары жана жетекчилери катышкан бул эл аралык ири жыйын ар тараптуу жолугушуулардын, сүйлөшүүлөрдүн жана кызыкдар болгон маселелер боюнча активдүү пикир алышуулардын аренасы болду. Бул саммитте ШКУ мүчөлөрү эл аралык маанидеги документти — Бишкек декларациясын кабыл алышты.


Бишкек саммитинин катышуучулары.

«БИШКЕКСҮТ» – ачык акционердик коом (2000). 1992-жылы Фрунзе сүт комбинатынын базасында уюшулган. Кыргызстанда сүт өндүрүү жана сүт азыктарын кайра иштетүү боюнча ири ишкана 1991-жылы ишке киргизилген. Суткасына 200 т сүт иштетүү мүмкүнчүлүгү бар. 2000-жылы «Вимм-Билль-ДанПродукты питания» Россия компаниясы акцияларынын контролдук пакетин сатып алган. 2002-жылы заводдун бир цехинде стерилденген сүт өндүрүү линиясы орнотулган. Анда саатына 8 т стерилденген сүт чыгарылат. Заводдун продукциялары башка өлкөлөргө (Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан) экспорттолот.