БЛАГОВЕЩЕНКА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:52, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БЛАГОВЕ́ЩЕНКА – Жалал-Абад обл-нун Сузак р-нундагы кыштак. Сузак айыл округуна караштуу. Көгарт суусунун оӊ жээгинде, деӊиз деӊг. 800 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыш-нан 10 км түн.-чыгыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 7 км. Кыштак 1897-ж. негизделген. Алгач Украинанын Киев обл-нан көчүрүлүп келген 300 үй-бүлө (украин, орус, балкар, чечен ж. б.) отурукташкан. Калкы 3086 (2009); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, клуб, ФАП, мончо ж. б. бар.