БЛОНСКИЙ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БЛО́НСКИЙ ''' Павел Петрович [14 (26). 5. 1884, Киев –15. 2. 1941, Москва] – педагог | '''БЛО́НСКИЙ ''' '''Павел Петрович''' [14 (26). 5. 1884, Киев –15. 2. 1941, Москва] – педагог жана психолог, педагогика илимдеринин доктору (1935), педологиянын эӊ алгачкы теоретиктеринин бири. Коомдук тарбия академиясын түзүүгө катышкан жана аны жетектеген. Блонскийдин баштапкы чыгармалары тарыхый-философиялык жана тарыхый-педагогикалык өӊүттө болгон. Эмгекке жана политехнизмге негизделген массалык толук эмес орто билим берүүнү баланын коом мүчөсү катары калыптанышынын башкы фактору катары негиздеген. Анын бул эмгектери мектеп системасынын курулушунда теориялык-педагогикалык негиздемелердин бири катары кабыл алынган. Блонскийдин түрдүү курактагы балдардын табияты жана аларды тарбиялоо, окутуунун өзгөчөлүктөрү жөнүндөгү көз караштары «Педология» (1934; 2-чыгарылышы, 1936) окуу китебинде корутундуланган. Ал эми «Психологиялык очерктер» (1927) аттуу китебинде психологиялык турмуштун келип чыгышын жана өнүгүшүн психологиялык ишмердиктин түрдүү деӊгээлдери катары чечмелеген. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
02:24, 24 Апрель (Чын куран) 2024 -деги абалы
БЛО́НСКИЙ Павел Петрович [14 (26). 5. 1884, Киев –15. 2. 1941, Москва] – педагог жана психолог, педагогика илимдеринин доктору (1935), педологиянын эӊ алгачкы теоретиктеринин бири. Коомдук тарбия академиясын түзүүгө катышкан жана аны жетектеген. Блонскийдин баштапкы чыгармалары тарыхый-философиялык жана тарыхый-педагогикалык өӊүттө болгон. Эмгекке жана политехнизмге негизделген массалык толук эмес орто билим берүүнү баланын коом мүчөсү катары калыптанышынын башкы фактору катары негиздеген. Анын бул эмгектери мектеп системасынын курулушунда теориялык-педагогикалык негиздемелердин бири катары кабыл алынган. Блонскийдин түрдүү курактагы балдардын табияты жана аларды тарбиялоо, окутуунун өзгөчөлүктөрү жөнүндөгү көз караштары «Педология» (1934; 2-чыгарылышы, 1936) окуу китебинде корутундуланган. Ал эми «Психологиялык очерктер» (1927) аттуу китебинде психологиялык турмуштун келип чыгышын жана өнүгүшүн психологиялык ишмердиктин түрдүү деӊгээлдери катары чечмелеген.