БОБСЛЕЙ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:52, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БОБСЛЕ́Й (англ. bobsleigh) – Б. же боб деп аталган башкарылма чанада атайын жасалма тоодогу тик муз жол м-н тез түшүү. Чананын формасы сүйрү, бүтүндөй темирден жасалган чанагы (кузов) эки жуп сыйгаланма конькиге бекиген – кыймылдуу алдыӊкысына руль бекийт ж-а арткысы кыймылсыз, токтоткуч (тормоз) орнотулган. Чана 2 орундуу (уз. 2,7 м, салм. 165 кг) ж-а 4 орундуу (3,8 м, 230 кг) болот. Б. алгач 19-к-дын аягында Швейцарияда пайда болгон, көп өтпөй анын эрежелери иштелип чыгып, Санкт-Морицеде (1902) алгачкы трасса курулган. Биринчи мелдешке аялдар ж-а эркектер катышкан, 1900-жылдан эркектер гана катышат. Б-дин ж-а тобоггандын Эл аралык федерациясы (1923-ж. уюшулган) 40тан ашык улуттук федерацияны камтыйт (2005). Ал Швейцария, АКШ, Италия, Швеция, Германия, Польша ж-а Россияда өнүккөн.