БОЗБУ-ТОО МРАМОРЛОШКОН АКИТАШ КЕНИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:52, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БОЗБУ-ТОО МРАМОРЛОШКОН АКИТАШ КЕНИ Жалал-Абад обл-нун Аксы р-нунда, Таш-Көмүр ш-нан 24 км түн. тарапта, Бозбу-Тоонун түн. капталында, деӊиз деӊг. 1220–1390 м бийиктикте. Кен аймагын төмөнкү пермь мезгилинде пайда болгон карбонат ж-а карбонат-терриген чөкмө тектери түзөт. Пайдалуу катмар мраморлошкон каралжын акиташ тегинен турат. Агыш темгилдүү, майда бүртүкчөлүү. Механикалык жактан бекемдиги 94,8–100,5 МПа. Тоо тек массивинен товардык блоктордун чыгышы 23,4–35,9%. Запасы В категориясы б-ча 507,1 миӊ м3, С1–85,7 миӊ м3, С2–151,0 миӊ м3.