БОЗ-ЖАЛПАК ТООСУ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:52, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БОЗ-ЖАЛПАК ТООСУ Борколдой тоосунун түш.-чыгышында. Батышы м-н түндүгүнөн Борколдой, Баралбас өрөөндөрү, түштүгүнөн Боз-Жалпак ойдуӊу м-н чектешет. Чыгышы Кара-Бел (түш.) ж-а Миӊ-Теке (түн.) өрөөндөрүн бөлүп турат. Уз. 38 км, туурасы 6–12 км. Орт. бийикт. 4100 м, эӊ бийик чокусу 4447 м (Боз-Жалпак суусунун башталышында). Асимметриялык түзүлүштө: түш. капталы тик, кыска; түндүгү жантайыӊкы. Эки капталында теӊ тепши сымал туюк өрөөндөр бар. Кыр бөлүгүндө байыркы түздүктөрдүн калдыктары кездешет. Төмөнкү ж-а ортонку карбондун сланец, акиташ тектеринен түзүлгөн. Тоонун түш. капталы каксоо; тик капталдуу аскалардын этегинде, эшилген шагыл кумдарда баялыш, чекенде, түн. Капталында (3200–4000 м бийиктикте) кара-күрөӊ топуракта кара кыяк, теӊир-тоо бетегеси, шыбактуу доӊуз сырты, жылгын ж. б., андан жогору (4000–4300 м) субальп ж-а альп өсүмдүктөрү (бетеге, теӊир-тоо чыйпылдагы, тарак баш, боз терескен, кылкандуу күдүү, айгыр жыгар ж. б.) өсөт. Жайыт.