БОЗУНАЧ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
11:52, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БОЗУНАЧ (Anaphalis) – өсүмдүктөрдүн татаал гүлдүүлөр тукумунун уруусу; көп жылдык чөп ж-а чала бадал. Сабагынын бийикт. 30–60 см, бутаксыз, айрымдары бутактанат, кээде баркыттай, түктүү. Жалбырагы кезектешип жайгашат, сапсыз, жээги тегиз, жыш түктүү, айрымдары түксүз. Эки же бир үйлүү өсүмдүктөр. Себетчеси майда – 1,2 см, бирден же бир нечеси биригип калканчадай, башчадай тоголок же шыпыргыдай топ гүлдү түзүп, сабактын учунда жайгашат. Гүлү түтүкчөдөй, түсү саргыч, ак, мала кызгылт. Мөмөсү – сүйрү данча. Жер жүзүндө 35 түрү тоолуу Азиянын тропик ж-а мелүүн р-ндорунда кездешет. Кырг-нда 4 түрү белгилүү, кургак боздоӊдо, дыӊ жерде, таштактуу бетте, сайда өсөт. Эл арасында ашказан ооруларын дарылоодо колдонулат.
