БОЙЛЬ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:52, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БОЙЛЬ (Boyle) Роберт (25.1.1627, Ирландия Лисмор, – 31.12.1691, Лондон) – англ. химик ж-а физик. Лондондогу Королдук коомду уюштуруучулардын бири. Адегенде дин ж-а философия м-н алектенип, кийин химия ж-а физика б-ча изилдөө иштерине киришкен. 1665-ж. Оксфорд ун-тинин физика б-ча ардактуу доктору наамын алган. Хим. элементтерге 1-жолу ил. аныктама берген ж-а химияга эксперименттик ыкманы киргизген. Хим. анализдин баштоочусу болгон ж-а химия өзүнчө илим экендигин аныктаган. Б-га физика б-ча да фундаменттүү чоӊ ил. эмгектер таандык. Ал 1662-ж. газ закондорунун бирин – Бойль-Мариотт законун ачкан.