БОЙ ТУМАР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:52, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БОЙ ТУМАР – 1) ар кандай оору ж-а кырсыктан сактайт деген ишенимде киши тагынып жүрүүчү аят. Жакшы уктай албаган балдар, боюнда бар аялдар, ар кандай ооруларга дуушар болгон ж-а иши жүрбөгөн адамдар (жин-перилердин таасири себепчи дешет) молдого барып, Б. т. (дуба) жаздырып, үч бурчтук калыбына келтирип, сыртын жашыл кездеме же булгаарыдан каптап, моюнуна тагып же такай кийилүүчү кийиминин колтугуна тигип алышат. 2) кыз-келиндер көкүрөккө тагынуучу үч же төрт бурч кылып жасалган кооздук буюм.