БОКАРЕВ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
11:52, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БО́КАРЕВ Иван Васильевич (17. 5. 1923, Казакстан, Алматы обл., Ак-Суу р-ну, Бакалы кыш. – є. ж. б.) – Даӊк орденинин толук кавалери. 1934-жылдан Кырг-ндын аймагындагы Кемин р-нунун Боролдой кыш-нда жашаган. Согушка чейин ошол жерде колхоздо комбайнчы болуп иштеген. 1942-ж. Сов. Армиянын катарына чакырылган. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда ал аткычтар полкунун чалгынчылар взводунда бөлүмчөнүн командири болгон. Биринчи Украин фронтунда согушуп, Украинанын сол жээгин, Запорожьени бошотууга, Львов-Сандомир операциясына катышкан. Луцк ж-а Житомир ш-ларын бошотууда ж-а Польшадагы ийгиликтүү чалгындоо операциясы үчүн ал 1944–45-ж. үч жолу Даӊк орденин (1944-ж. 28-августа, ошол эле жылы 21-октябрда ж-а 1945-ж. 14-мартта) алууга татыктуу болгон. Согуштан кийин респ-нын чарба иштеринде эмгектенген. 1-даражадагы Ата Мекендик согуш, 3-даражадагы «Манас» ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган. Бишкектин Жеңиш аянтындагы мемориалдык тактага ысмы жазылган.