БОККАЧЧО: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
1 сап: 1 сап:
'''БОККА́ЧЧО ''' Жованни [1313, Чертальдо (Тоскана обл.) же Флоренция –21.12.1375, Чертальдо] – итал. жазуучу. ''Кайра жаралуу'' доорундагы гуманисттик ад-тты баштоочулардын бири. Ал латын ж-а грек тилдерин билген. Антикалык мифологиянын сюжеттерин пайдаланып жазган поэмалары, «Фьяметта» (1343) психол. повести, пасторалдары, сонеттери бар. Учкул ойлуу, күлкү-тамашалуу «Декамерон» аттуу көрүнүктүү чыгармасында ал италия коомунун турмушун кеӊири сүрөттөйт. Бул чыгармасы элдик анекдот, уламыш, оозеки аӊгемелердин негизинде өз алдынча новеллалар катары жазылган. Китептин негизги пафосу – католик чиркөөсүн ж-а дин кызматчыларын шылдыӊдоо. Анын чыгармалары Италиядагы ''Кайра жаралуу'' доорундагы мад-ттын өнүгүшүнө зор таасирин тийгизип, анын новеллалары бүткүл Европа ад-тында реализмди калыптандырууга салым кошкон. «Кузгун» поэмасы (1354–55), «Данте Алигеринин өмүрү» (1360, 1477-ж. жарык көргөн) ж. б. китептердин автору.  
'''БОККА́ЧЧО ''' '''Жованни''' [1313, Чертальдо (Тоскана облусу) же Флоренция –21.12.1375, Чертальдо] – италиялык жазуучу. ''Кайра жаралуу'' доорундагы гуманисттик адабиятты баштоочулардын бири. Ал латын жана грек тилдерин билген. Антикалык мифологиянын сюжеттерин пайдаланып жазган поэмалары, «Фьяметта» (1343) психологиялык повести, пасторалдары, сонеттери бар. Учкул ойлуу, күлкү-тамашалуу «Декамерон» аттуу көрүнүктүү чыгармасында ал италия коомунун турмушун кеӊири сүрөттөйт. Бул чыгармасы элдик анекдот, уламыш, оозеки аӊгемелердин негизинде өз алдынча новеллалар катары жазылган. Китептин негизги пафосу – католик чиркөөсүн жана дин кызматчыларын шылдыӊдоо. Анын чыгармалары Италиядагы ''Кайра жаралуу'' доорундагы маданияттын өнүгүшүнө зор таасирин тийгизип, анын новеллалары бүткүл Европа адабиятында реализмди калыптандырууга салым кошкон. «Кузгун» поэмасы (1354–55), «Данте Алигеринин өмүрү» (1360, 1477-жылдары жарык көргөн) ж. б. китептердин автору.  
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

02:47, 25 Апрель (Чын куран) 2024 -деги абалы

БОККА́ЧЧО Жованни [1313, Чертальдо (Тоскана облусу) же Флоренция –21.12.1375, Чертальдо] – италиялык жазуучу. Кайра жаралуу доорундагы гуманисттик адабиятты баштоочулардын бири. Ал латын жана грек тилдерин билген. Антикалык мифологиянын сюжеттерин пайдаланып жазган поэмалары, «Фьяметта» (1343) психологиялык повести, пасторалдары, сонеттери бар. Учкул ойлуу, күлкү-тамашалуу «Декамерон» аттуу көрүнүктүү чыгармасында ал италия коомунун турмушун кеӊири сүрөттөйт. Бул чыгармасы элдик анекдот, уламыш, оозеки аӊгемелердин негизинде өз алдынча новеллалар катары жазылган. Китептин негизги пафосу – католик чиркөөсүн жана дин кызматчыларын шылдыӊдоо. Анын чыгармалары Италиядагы Кайра жаралуу доорундагы маданияттын өнүгүшүнө зор таасирин тийгизип, анын новеллалары бүткүл Европа адабиятында реализмди калыптандырууга салым кошкон. «Кузгун» поэмасы (1354–55), «Данте Алигеринин өмүрү» (1360, 1477-жылдары жарык көргөн) ж. б. китептердин автору.