БОКС: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
11:52, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БОКС (англ. bох — согуу, уруу) – спорттун бир түрү. 5000 жыл мурда Египет м-н Вавилондо пайда болгон. Байыркы Грекияда б. з. ч. 688-ж. Олимпиялык оюндардын программасына кирген. Эл аралык ышкыбоз Боксёрлор ассоциациясына (AIBA, 1946-ж. түзүлгөн) 170 өлкө мүчө. Европа (1924-жылдан) ж-а дүйнөлүк чемпионаттар (1974-жылдан) өткөрүлүп турат. Азыр дүйнөлүк профессионалдык Б. б-ча уюмдар (WBA, WBC, WBO, IBF) бар. Оюн төрт тарабы аркан м-н курчалган (6х6 м) аянтта (ринг) өткөрүлөт. Эки боксёр атайын жасалган жумшак тери мээлей кийип, атайын эреже б-ча бел курчоодон жогору ж-а бетке уруп, мушташышат. Б. б-ча мелдештерди өткөрү спортчунун салмагына, жашына жараша бөлүштүрүлөт. Кырг-ндагы Б-тун өнүгүсүнө машыктыргычтар А. Клепцов, В. Альперин, А. Адыкулов, Ж. Кулгелдиев, Г. Аноприев ж. б-дын кошкон салымы зор. Көрүнүктүү спорт чеберлери: З. Токтогулов, К. Жекшенбеков, В. Гришковец, К. Гусев, Э. Ко- ӊурбаев ж. б. (Кыргызстандын чемпиондору, спартакиадалардын призёрлору); А. Курнявка, О. Назаров (дүйнө чемпиондору), Н. Абдыкалыков (Европа чемпиону), Т. Кадыралиев (КМШ чемпиону).

Уффици галереясы (Флоренция).
