БАНГЛАДЕШ PART2: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
No edit summary
1 сап: 1 сап:
'''Part2 556-бет'''
<br/>03:50:45 PMT03/16/2024
<br/>
[[File:БАНГЛАДЕШ PART2 1.png | thumb | <center>Бангладеш акчасы.</center>]]
[[File:БАНГЛАДЕШ PART2 1.png | thumb | <center>Бангладеш акчасы.</center>]]
лына 2–3 жолу түшүм алынат) ээлейт. 2004-ж. 37,9 млн т шалы (акталбаган) даярдалган. О. эле жүгөрү, арпа, буудай, буурчак (жылына 500 миӊ т; нут, маш ж. б.), май берүүчү өсүмдүктөр (0,5 млн т; кычы, рапс, кунжут, жер жаӊгак), картошка (4 млн тга жакын) айдалат. Банан (700 миӊ т га жакын), тропик жемиштери, татымалдар (300 миӊ тдан ашык), жашылча (1,5 млн т), бал камыш (7–7,5 млн т жашыл масса), пахта (14–16 миӊ т) өстүрүлөт. Б. – чай өндүрүү б-ча алдыӊкы 10 өлкөнүн катарына кирет. Чай плантациялары негизинен чет элдик компаниянын (Улуу Британия) көзөмөлүндө. Мал чарбасы анча өнүккөн эмес. Бодо мал негизинен унаа катары пайдаланылат. Эт, сүт ж-а булгаарыны эчкиден алат. Балык (350 миӊ тдан ашык, бир азы экспорттолот), креветка (тоӊдурулуп экспорттолот) кармалат.  

13 сап: 10 сап:
<br/>Ад.: ''Тринич Ф. А''. Бенгалец. М., 1974; Страны и народы: Зарубежная Азия. Южная Азия. М., 1982; ''Пучков В. П''. Политическое развитие Бангладеш, 1971–1985. М., 1986; Пакистан. Справочник. 3-е изд. М., 1991; Бангладеш//Энциклопедия стран мира. М., 2004.

[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

05:13, 29 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

Бангладеш акчасы.

лына 2–3 жолу түшүм алынат) ээлейт. 2004-ж. 37,9 млн т шалы (акталбаган) даярдалган. О. эле жүгөрү, арпа, буудай, буурчак (жылына 500 миӊ т; нут, маш ж. б.), май берүүчү өсүмдүктөр (0,5 млн т; кычы, рапс, кунжут, жер жаӊгак), картошка (4 млн тга жакын) айдалат. Банан (700 миӊ т га жакын), тропик жемиштери, татымалдар (300 миӊ тдан ашык), жашылча (1,5 млн т), бал камыш (7–7,5 млн т жашыл масса), пахта (14–16 миӊ т) өстүрүлөт. Б. – чай өндүрүү б-ча алдыӊкы 10 өлкөнүн катарына кирет. Чай плантациялары негизинен чет элдик компаниянын (Улуу Британия) көзөмөлүндө. Мал чарбасы анча өнүккөн эмес. Бодо мал негизинен унаа катары пайдаланылат. Эт, сүт ж-а булгаарыны эчкиден алат. Балык (350 миӊ тдан ашык, бир азы экспорттолот), креветка (тоӊдурулуп экспорттолот) кармалат.
Негизги транспорту болгон ички суу жолунун уз. 8,4 миӊ км (2004). Башкы дарыя порттору: Дакка, Нараянганж, Чандпур, Барисал, Кхулна. Темир жолунун уз. 2,7 миӊ км (2004; а. и. 1,8 миӊ км кууш колеялуу), автомобиль жолунуку 207,5 миӊ км (1999; а. и. 19,8 миӊ км асфальтталган). Жаанчыл мезгилде жолдорунан машина өтүүгө мүмкүн эмес. Газ куурунун уз. 2012 км (2004). Ири деӊиз порттору: Читтагонг (жылына 15 млн т жүк ташылат) ж-а Мунгла (5 млн тга жакын). Дакка ш-нда эл аралык аэропорт, «БИМАН» авиакомпаниясы иштейт.
Сыртка тигилүү кийим, жут ж-а андан жасалган буюмдарды, булгаары, балык, деӊиз продуктулары, чай, минералдык жер семирткичтер, жемиштер чыгарылат. Сырттан машина ж-а анын жабдууларын, химикаттарды, кара металл, текстиль буюмдарын, азык-түлүк, нефть, нефть продуктуларын, цемент, пахта алат. Негизги соода шериктери: Индия, КЭР, Сингапур, Япония, АКШ, Германия, Улуу Британия, Франция.

Маданияты.

Бенгал тилинде эӊ байыркы жазма эстеликтери сакталган. Орто ж-а жогорку билим берүүнү Агартуу министрлиги, ал эми башталгыч билимди муниципалдык башкаруу органы жүзөгө ашырат, о. эле Мадрас билим берүү башкармалыгы алдында ислам мектептери бар. Азыркы билим берүү системасы британиялык ж-а индиялык моделдин негизинде куралган ж-а 5 жылдык милдеттүү башталгыч билим берүү, толук эмес (6–10-кл.), толук (11–12-класс) орто ж-а жогорку билим берүүнү камтыйт. Калкынын (15 жаштан жогоркусунун) 57%и билимсиз (аялдар 68,2%; 2003). 11 мамл., 20 менчик окуу жайы бар. Ири ун-ттери: Дакка (1921), айыл чарба (1961, Майменсингх ш.), инженер-технол. (1962, Дакка), Читтагонг (1966). Илимдер академиясы (1973), Борбордук калк китепканасы (1958), Улуттук китепкана (1958), о. эле Улуттук (1913, Дакка), иск-во ж-а археология (1927) музейлери бар. Мезгилдүү басма сөзү өнүккөн. Бенгал ж-а англис тилинде китеп, гезит-журналдар чыгарылат. «Бангладеш Бетар» мамл. радиосу 7 тилде уктурулат (Европа, Пакистан, Индия мамл. б-ча). Телекөрсөтүүсү «Бангладеш телевижен» мамл. телекомпаниясы, о. эле менчик спутниктик ж-а кабелдик телеканалдары иштейт. Ал эми оозеки ад-ты бенгал тилинде өнүгүп, мусулман мад-ты м-н тыгыз байланышта болгон. 16–17-к-да лирика жанры өкүм сүргөн. О. кылымда кудайлар (Моноши, Чонди) ж-дө дастандар айтылган. 19-к-дын башында диний-мифологиялык сюжетти филос. поэзия сүрүп чыгарып, проза жанры пайда болгон. Роман, повесть, аӊгеме, драмалар жазыла баштаган. 15–18-к-да бенгалдык мусулмандар бенгал тилинде араб ж-а перс көркөм чыгармаларын айкалыштырган поэтикалык чыгармаларын жаратышкан ж-а көркөм чыгармаларында байыркы улуттук үлгүлөргө көбүрөөк көӊүл бурулган. 19-к-да бенгал мусулмандары индустардан айырмаланып, көркөм чыгармаларында эски улуттук салтын сактаган. 20-к-дын 1-жарымында алгачкы мусулман авторлордон Назрул Ислам чыккан. О. эле Абдул Фазл, Маник Богдапаздхай, Жошим Уддин сыяктуу акын-жазуучулар чоӊ салым кошкон. Чыгыш бенгал фольклорун изилдөөчү Жасимуддин элдик ыр-күүлөрү м-н таанымал, Суфия Камал аялдардан чыккан 1-акын, ал ырларын Р. Тагордун поэзиясына таасирленип жазган. 1940-ж. Пакистан мамлекетин түзүүгө катышкан кээ бир мусулман акындар (акын Фаррук Ахмад ж. б.) чыгармаларынын сюжеттик, стилдик өзгөчөлүктөрүнө басым жасашкан. 1947-жылдан бенгал ад-ты өз алдынча өнүгүү жолуна түшкөн. Б. аймагында 7–12-к-га таандык иск-во эстеликтери сакталган, алар Пундранагара (Махаст Бангладеш хан) ш. чыӊдоосунун калдыктары, Пахарпур, Майнаматидеги культтук сюжеттеги терракот рельефтүү, таш ж-а коло скульптуралуу будда монастырлары. 12-к-дын аягында 13-к-дын башында Б-те ислам дининин жайылтылышы, Б. мад-тына О. Азия, Жакынкы Чыгыштын мусулмандык идеяларынын кириши сыйынуу жайларынын (мечит, мунара, медресе) курулушуна ж-а көркөм чыгармалардын жаралышына таасирин тийгизген. 16–17-к-да негизинен могол миниатюрасы мектебинин таасири м-н миниатюра жазуу иск-восу өнүккөн. Англиянын бийлиги мезгилинде салттуу курулуштар м-н катар неоклассицизм стилиндеги курулуштар (темир жол вокзалдары, банк ж. б.) курулган. 20-к-дын 2-жарымында арх-ралык салттык өзгөчөлүктөрдү айкалыштырган көп кабаттуу турак-үйлөр курула баштаган. Дакка монумент имараттарга бай маданий борборго айланган. Ошол эле мезгилде сүрөт өнөрү өнүгүү жолуна түшкөн. З. Абедин, А. Сафиуддин, К. Хасан ж. б. живописчилер ж-а графиктер жөнөкөй адамдардын турмушун чагылдырган европ. реализм багытындагы чыгармаларын жараткан. Байыркы монументалдуу живописке ж-а моголдук миниатюраларга басым жасалган (Батыштын иск-восу живописчилер М. Башира, М. Кибрияга ж-а график К. Чоудхуриге таасирин тийгизген). Көркөм-жасалга өнөрүндө негизинен жыгач, пилдин сөөгүн, карапаны көп колдонушат.
Б-тин м у з ы к а с ы түн. индиялык (негизинен Бенгалиянын) муз. салттык мад-ты м-н тарыхый байланыштуу. Бир нече кылымдар бою Б. индуизм ж-а буддизмден таасирленип өнүккөн. 7–13-к-дарда Б-те ислам мад-тынын өсүшүнүн таасири астында классикалык вокалдык стилдер калыптанган. 13-к-дан баштап Б. музыкасы Түн. Индия салтындагы хиндустан нугунда өөрчүй баштаган. 18–20-к. Хиндустан мад-тындагы жеӊил классикалык стили калыптанган. 20-к-дын классик ырчыларынын бири – Бегум Акхтар болгон. Кийин (англ. колония учурунда) евр. музыка элементтеринен таасирленген. Б-тин муз. мад-тынын өнүгүшүндө бир нече ырлардын автору, музыкант Б-тин музыкасына ислам музыкасынын элементтерин киргизип, «назрулгити» стилин жараткан Назрула Ислам (1899–1976) зор салымын кошкон. 21-к-дын башында белгилүү акын Р. Тагордун ыр мурасы таанылган. 1947-ж. патриоттук ырлар өнүгүп, элге кеӊири таралган. 1960-жылдары киномузыка жаралса, ал эми 20-к-дын аягында популярдуу музыка кеӊири жайылган. Дакка ш-нда Улуттук көркөм иск-во академиясы ж-а «Шилпакала» мад-т борбору, Назрула Ислам академиясы (1964) иштейт. 1947-жылдан муз. мад-ттын исламдашуусу күчөгөн. 1970-жылдары элдик музыкага өзгөчө мамиле жасалган.
Б. көз каранды эместигин алгандан кийин т е а т р, к и н о тармагы өнүгүү жолуна түшкөн. 1994-ж. Дакка ш-нда Азия борб. театры ачылган, кийин 1996-ж. репертуардык театр – Б-теги 1-профессионалдык труппа түзүлгөн. 1955-ж. Дакка киностудиясы негизделген. Негизинен мелодрама жанры басымдуу. «Сиражу Дола» (1968, реж. Х. А. Рахман), «Турмуш чындыгы» (1972, реж. З. Райхан) аттуу фильмдер пакистандык бийликти сындаган. 1970–90-ж. Кино социалдык маселелерге, о. эле эркиндик үчүн күрөшүүгө багытталган. «Дагы эле түн» (1972), «Жашоого кайрылуу» (1973, реж. Х. Рахман) «Асман менен жер ортосунда» (1974, реж. С. Датта), «Чексиз жол» (1978), «Ачкачылык» (1986, реж. А. Хусейн); «Кырсык» (1985, реж. Ш. Ниамат) ж. б. белгилүү кинолору бар. «Топурактан жасалган таан» (2002, реж. Т. Масуд) фильми эл аралык атак алган.
Ад.: Тринич Ф. А. Бенгалец. М., 1974; Страны и народы: Зарубежная Азия. Южная Азия. М., 1982; Пучков В. П. Политическое развитие Бангладеш, 1971–1985. М., 1986; Пакистан. Справочник. 3-е изд. М., 1991; Бангладеш//Энциклопедия стран мира. М., 2004.