БАНДАР-СЕРИ-БЕГАВАН: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БАНДА́Р-СЕРИ́-БЕГА́ВАН – Бруней мамлекетинин борбор шаары (1984-жылдан). Калкы 202,7 миӊ (2011). Калимантан а-нын түш.-батыш жээгинде, Кедаян д-нын чатында жайгашкан. Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. 7-к-дан белгилүү. 15-к-га чейин Кота Бату, 15–20-к. – Бруней деп аталган. 1970-жылдан азыркыча аталат (малайяча «Улуу даражалуу шаар»). Султан Омар Али Сайфуддин IIIнүн урматына аталган. Анын тушунда Брунейдин 1-конституциясы кабыл алынган. 14-к-дан Болкиахтар династиясынын султандарынын резиденциясы. Ахмад султандын тушунда Аравиядан окумуштуу мусулмандар ж-а диний кызматкерлер келишкен. 15-к-да көптөгөн мечиттер, чептер ж-а таш үйлөр курулган. 16-к-дан ири порт ж-а Кытай, Индия, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү м-н соода жүргүзүп келет. 1578-ж. испандар басып алып, талкаланып тонолгон. Шаарды султан Мухаммед Хасан (1582–1605) калыбына келтирилип, бир топ кеӊейткен. Шаар суунун үстүндө (үйлөр атайын түркүктөрдүн үстүндө салынган) ж-а кургактыкта жайгашып, жыгач көпүрөлөр м-н байланышат. Шаардын так ортосунда алтын кумпалуу Омар Али Сайфуддин мечити (1958; бийикт. 77 м), анын астында лагунада диний иштер үчүн ладья (16-к.), Король сарайы, Король шаан-шөкөт залы (1984), коммерция комплекси (1996), мечит бар. Ун-т (1985), Бруней тех. (1929), ад-т ж-а тил ин-ттары, китепканалар, музейлер иштейт. Конституция тарыхы галереясы (1984), Бруней (1965), Король регалиялар (1992) ж. б. музейлери, У. Черчиллдин эстелиги ж-а музейи, Археология паркы, Жерудонг паркы (спорт комплекси), улуттук стадион, Бруней королдорунун яхта клубу бар. Жыгаччылык, тамак-аш өнөр жайлары, кеме верфи иштейт. Кол өнөрчүлүк (Кампонг-Айер аймагында батик өндүрүшү, малайя шамшар-бычактары, зер буюмдар) өнүккөн.