БАРАБАРСЫЗДЫК: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БАРАБАРСЫЗДЫК – каалагандай эки а1 ж-а а2 сандарын төмөнкү белгилердин: < (кичине), (кичине же барабар), >(чоӊ), (чоӊ же барабар), (барабар эмес) бирөө м-н гана байланыштыруучу катыш, б. а. а1<а2, а1а2, а1>а2, а1а2, а1а2. Кээде бир нече Б. бирге жазылат, мис., а<b<c. Эгер Б-тын эки жагына теӊ бир эле санды кошсок (же кемитсек), ал өзгөрүүсүз калат. Ушул сыяктуу эле Б-тын эки жагын теӊ бир эле оӊ санга көбөйтүүдөн ал өзгөрбөйт. Бирок Б-тын эки жагын теӊ терс санга көбөйтсө, анын белгиси карама-каршысына өзгөрөт (б. а. < белгиси >белги м-н, ал эми > белгиси < белгиси м-н алмаштырылат). A < B ж-а C<D дан A + C < B +D ж-а A – D< B– C Б-тары келип чыгат, б. а. бир маанилеш Б-тарды (A < B ж-а C<D) мүчөлөп кошууга, ал эми түрдүү маанидегилерди (A < B ж-а D > C) мүчөлөп кемитүүгө болот. Эгер A, B, C ж-а D оӊ сандары берилсе, анда A < B ж-а C<D Б-тарынан AC < BD ж-а A B D C Б-тары келип чыгат.