БАРАБИНДИКТЕР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БАРАБИНДИКТЕР (өздөрүн бараба деп аташат) – Россиядагы түрк эли, сибирь татарларынын курамындагы этностук топ. Мусулман-сунниттер. 1926-жылдагы эл каттоо б-ча саны 7528 адам болсо, кийинки каттоолордо эсептелбей калган. Учурда алардын саны 8 миңге чейин жетет (2010). Б. волга-урал (татар ж-а башкыр тили) ж-а казак-алтай тилинде сүйлөшөт. 17-к-дын башында Б-дин жашаган аймактарга орустар, кийин татарлар европ. Россиядан көчүп келип отурукташкан. 18-к-дын аягында татар тили, ислам дини жерг. элдердин арасына кеӊири таралган. Бирок Б-дин бир бөлүгү исламга чейинки өздөрүнүн үрп-адат, салттарын, ишенимин көпкө чейин сакташкан. Б. мал чарбачылык ж-а дыйканчылык м-н кесиптенишкен. Тамак-ашы – негизинен эт ж-а ун азыктары. Суусундукка сүт ж-а кымыз ичишет. Б-дин мад-ты батыш сибирь татарларына жакын.