БАРАТАЛИЕВ Керим: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БАРАТАЛИЕВ Керим (1937-ж. т., Сузак р-ну, Кайтпас айылы) – математика илимд. кандидаты (1964), проф. (1998); КРдин Илим ж-а техника б-ча мамл. сыйл. лауреаты (2006). 1961-ж. КМУнун физика-математика ф-тин бүтүргөн. 1964-жылдан КМУнун матем. анализ кафедрасынын окутуучусу, доценти, проф., 1992-жылдан ал кафедранын башчысы. Эл агартуунун отличниги (1985). Ил. иштери негизинен үчүнчү түрдөгү интергалдык теӊдеменин жалпы теориясын түзүүгө арналган. Бир нече ил. эмгектин, а. и. 1 монография ж-а ЖОЖдор үчүн окуу китептеринин автору.
Эмг.: Некоторые методы решения некорректных задач математической физики. Б., 1991; К теории интегральных уравнений третьего рода. Б., 2004; Математикалык анализ. I–II бөлүк. Б., 2000–2002.