БАРБИЗОН МЕКТЕБИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БАРБИЗО́Н МЕКТЕБИ – 19-к-дын 30–60-жылдарында француздук пейзаж живописинин реалисттик көркөм агымынын өкүлдөрү (Т. Руссо, Ж. Дюпре, Н. Диаз, К. Тройон, Ш. Ф. Добиньи ж. б.). Парижге жакын Барбизон кыш-нда иштешкен. 17-к-дагы голл. пейзажисттердин салттарына таянган Б. м-нин өкүлдөрү улуттук француз пейзажынын жаӊы тибин жаратышкан ж-а анда француз жаратылышын ачык-айкын, жөнөкөй, поэтикалык формада, күчөтүүсүз чагылдырышкан. Б. м-нин сүрөтчүлөрү токойлорду, дарыяларды, шалбааларды, жупуну кыштактарды чындыкка жакын элестүү тартышкан, алардын түстүк байлыгын, жарык м-н аба чөйрөсүнүн айкалыштарын сактап кала алышкан. Б. м. өзүнүн реалисттик принциптерин официалдуу академизмге каршы койгон. Жөнөкөй ж-а күндөлүк нерседен сулуулукту көрө билүүгө, ачык-айкындыкка, жасалмасыздыкка умтулууга, сүрөтчүлөрдү натурадан (чыныгы турпаттан) тартууга чакырган. Б. м-нин чыгармалары 19-к-дагы Европа көркөм сүрөт иск-восундагы реалисттик пейзаж жанрынын өнүгүүсүнүн маанилүү этаптарынан болгон.

Ж. Дюпре. «Күзгү пейзаж». Эрмитаж. Санкт-Петербург.