БАР-БУЛАК МИНЕРАЛДУУ СУУСУ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БАР-БУЛАК МИНЕРАЛДУУ СУУСУ – жер астынан бургуланып чыгарылган, дарылык касиети бар жылуу суу. Ысык-Көл обл-нун Тоӊ р-нунда, Балыкчы ш-нан 45 км чыгышта, Бар-Булак кыш-нан 2,5 км түн.-чыгыш тарапта, Ысык-Көлдүн жээгинен 600 м аралыкта, деӊиз деӊг. 1653,53 м бийиктикте. Суу 1979-ж. бургулоо көзөнөгүнөн 1100 м тереӊдиктен чыгарылган. Суу чыккан жерде антропогендин борпоӊ кум-топурагы, палеоген-неогендин кумдук, чопо, алевролит, палеозойдун кумдук, алевролит тоо тектери жатат. Минералдуу суу палеозойдун кумдук ж-а алевролит тоо тектериндеги тектон. жаракаларда топтолуп, бургулоо көзөнөгүнөн агып чыгат. Суу жытсыз, тунук, саал кычкыл даамы бар, темп-расы 44°С, чыгымы 2,5 л/с, минералдануусу 4,0–4,7 г/л. Хим. курамы б-ча сульфат-хлорит-кальций-натрийлүү, газдардан азот басымдуу (88–90%), эринди түрүндө 4,2% көмүр кычкыл газы, 1,5% гелий кезигет. Микрокомпоненттерден жез, коргошун, цинк, фтор, мышьяк, молибден, никель, бром ж. б. элементтер бар. Б.-Б. м. с. дарылык касиети б-ча белгилүү «Славян», «Смирнов» минералдуу сууларына окшошуп кетет. Боор, өт ж-а ашказан ооруларын ичүү, нерв, муун, гинекология, тери ж-а тиш ооруларын сууга түшүү жолу м-н дарыласа болот. Запасы В категориясы б-ча суткасына 0,216 миӊ м3. Жерг. эл пайдаланат.