БАРОМЕТРЛИК НИВЕЛИРЛӨӨ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БАРОМЕТРЛИК НИВЕЛИРЛӨӨ – жер бетиндеги эки чекиттин бийиктик айырмасын аныктоо үчүн колдонулуучу ыкма. Б. н. бийиктикке көтөрүлгөн сайын абанын басымы төмөндөй тургандыгына негизделип, атм-нын басымын өлчөө м-н жүргүзүлөт. Эки чекиттин бийиктик ж-а атм. басым айырмаларынын ортосундагы байланыш барометрдик формула б-ча эсептелет. Басым барометр, анероид м-н өлчөнүп, темп-ра ж-а нымдуулукка карай түзөтүүлөр киргизилгенден кийин, бийиктикти 3 мге чейинки тактыкта аныктоого болот.