БАРСАНАЕВ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БАРСАНАЕВ Сагыналы (9. 5. 1932, Жалал-Абад обл., Аксы р-ну, Тегене кыш. – 5. 8. 2021, Бишкек) – тоо-кен инженери, техника илимд. кандидаты (1966). КРдин илим ж-а техника б-ча мамл. сыйл. лауреаты (1998). Москва тоо кен ин-тун бүткөн (1957). 1957–60-ж. Таш-Көмүр тоо-кен башкармалыгына караштуу «Кара-Суу» карьеринде тоо-кен мастери, участка башчысы, башкы инженер болуп иштеген. 1960-жылдан КР УИАнын Тоо тектердин физикасы ж-а механикасы ин-тунда кенже ил. кызматкер, ил. кызматкер (1964–73), лаборатория башчысы (1973–97), 1999-жылдан улук ил. кызматкер, 2005-жылдан КРСУнун лабораториясында башкы инженер. 100дөн ашуун ил. эмгектин (а. и. 1 монографиянын), 2 ойлоп табуунун автору. Негизги ил. эмгектери тоо тектерди жардыруунун жаӊы ыкмаларын изилдөөгө ж-а аларды иш жүзүндө колдонууга арналган.