БАРСЕЛОНА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БАРСЕЛО́НА – Испаниянын түн.-чыгышындагы шаар ж-а порт (порт аркылуу жылына 20 млн т жүк ташылат). Жер Ортолук деӊиздин жээгинде. Бесос ж-а Льобрегат д-нын ортосунда жайгашкан. Каталония автономия обл-нун ж-а Барселона провинциясынын адм. борбору. Калкынын саны б-ча өлкөдөгү Мадридден кийинки 2-шаар, өлкөнүн маанилүү экон. ж-а маданий борборлорунун бири. Калкы 1,6 млн (2021; агломерациясы м-н 5 млн). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Текстиль (өлкөдөгү ири), машина куруу (автомобиль, кеме, локомотив куруу, энергетика өнөр жайына жабдуу, станок, электр-тех., радиоэлектроника ж. б. өнөр жай ишканалары), химия, целлюлоза-кагаз, полигр., цемент, булгаары, тамак-аш ж. б. өнөр жайлары бар. Улуттук ж. б. банктар иштейт. Эл аралык соода ж-а өнөр жай ярмаркалары өтүүчү жай. 1992-ж. ХХV Олимпиялык оюндар өткөн. 1888- ж-а 1929-ж. бүткүл дүйнөлүк көргөзмө болгон. Үч ун-т, музейлер (тарых, археол., геол., деӊиз, асем өнөр ж. б.), опера ж-а балет театры; метрополитен бар. Б. з. ч. 3-к-да негизделген. 10–13-к-дын көп арх-ра эстеликтери, а. и. Сан-Пабло дель Кампо чиркөөсү (10-к.), готика стилиндеги собор (13–15-к.), Санта-Мария дель Мар (14-к.), Нуэстра Сеньора де Белен (барокко стилиндеги, 17–18-к.), Саграда Фамилия (19–20-к.) чиркөөлөрү, Гуэль двореци (19-к.), архитектор А. Гаудинин (19-к-дын аягы – 20-к-дын башы) курулуштары сакталган.