БАРСЫЛДАК: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БАРСЫЛДАК (Glossularia) – таш жаргычтар тукумундагы көп жылдык өсүмдүк уруусу, бадал. Бийикт. 130 см. Бутагы тикенектүү, жалбырагы татаал, кезектешип жайгашат. Гүлү ак, көк, кош жыныстуу. Мөмөсү – жемиш, түркүн түстө, тоголок, сүйрү, көп уруктуу. Түн. Америка, Европа, Азияда жапайы 50дөй түрү бар. Кырг-нда жапайы 1 түрү Ысык-Көл өрөөнүндөгү тоолордо өсөт. Эгилме Б. Россияда, Белоруссияда, Балтика боюндагы өлкөлөрдө, Кырг-нда (Чүй, Ысык-Көл обл.) өстүрүлөт. Мөмөсүндө кант, орг. к-та, пектин заты, С, В1, Р витамин, А провитамини (каротин), темир, фосфор туздары болот. Мөмөсүнөн кыям, компот даярдалат. Зыянкечтери: барсылдак бүлбүлдөгү, барсылдак-карагат таарыгыч. Илдети: филлоксера.